Аба ырайы: Июль айынын аягына чейин абанын температурасы 40º болушу күтүлүүдө

0
2326

Июль айынын аягына чейин ысык аба ырайы күтүлүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргызгидромет директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоев билдирди. Анын айтуусунда, абанын күндүзгү температурасы 40 градуска чейин көтөрүлүп, июль айы өз нормасынан ысык болушу мүмкүн. Мындай ысык аба ырайы Кыргызстанда 1983-1990-жылдары катталып, анда да абанын күндүзгү температурасы 41 градуска чейин көтөрүлгөн. Учурда Кыргызстанда абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 36…41º чейин, тоо этектеринде 30…35°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 29…34º  чейин көтөрүлүүдө ( болжол менен). Ал эми, Нарын облусунда жогорку температурадагы мындай аба ырайы 1973-жылы катталган. Медицина кызматкерлери күндүн ысыгында жүрөк кан тамыр оорулары, гепатит, кант диабети менен ооругандарды сыртка чыкпоого чакырат. Бул күндөрү суюктукту көбүрөөк ичүү керек. Фермерлерге айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

 Күндүн ысыгынан сактануу үчүн эмне кылыш керек?

Терапевт Наталья Тарскаянын кеңеши:

Сыртка көп чыкпаганга аракет кылыңыз

Аба ырайы абдан ысык болгон учурда колдон келишинче эшикке чыкпоого аракет кылуу керек. Бул жашы өтүп калган адамдар же жүрөгү ооругандар үчүн маанилүү. Эшикке чыгууга туура келип калса, муздаткычы жок унаага отурбаңыз. Мындай ысыкта кабыл алуу сезими начарлап, реакциянын ылдамдыгы төмөндөйт.

Ачык түстөгү кийимдерди кийиңиз

Кийимиңиз  күндүн ысыгын тартпаган кездемеден жана ачык түстөн болушу керек. Ал эми синтетикалык кийим ысыкта денеңизге жабышып, ыңгайсыздык жаратуу менен ден соолукка да терс таасирин тийгизет.

Сөзсүз баш кийим кийүүнү унутпаңыз

Эшикке чыгаfрда жеңил, ачык түстө кийинүү менен баш кийимди жана күндөн коргоочу көз айнекти унутпаңыз. Желдеткич дагы ашыкча болбос. Ал эми баш кийим сөзсүз түрдө болуусу керек.

Суюктукту көп ичиңиз

Сыртка чыкканда сөзсүз жаныңызда суу болушу зарыл. Бул эң негизги эреже катары эсиңизде болуусу керек. Сууга бир нече тамчы лимон кошуп койсоңуз дагы болот. Газдалган, таттуу суусундуктарды ичүүдөн алыс болуңуз. Алар адамды ого бетер чаңкатат. Спирт ичимдиктеринен алыс болушуңуз зарыл. Ысыкта алкоголдук ичимдиктерди ичүү жүрөккө жана боорго күч келтирет. Сыра дагы булардын катарын толуктайт.

Кондиционердин же желдеткичтин алдына отурбаңыз

Кондиционерди жылына бир нече жолу тазалап туруу керек. Анткени бактериялар кондиционер аркылуу тарап, организмди сезгентип, ооруларды жаратышы мүмкүн. Кондиционерден чыккан муздак жел адамды көздөй сокпошу керек. Ошондой желдеткичтин алдына да отурбаңыз.

Сууга түшүүдөн мурун демиңизди басыңыз

Эшиктен тердеп келгенден кийин дароо эле сууга түшпөңүз. Суу муздак болбошу керек. Демиңизди басуу үчүн муздаткычка нымдуу жүз аарчыны же салфетканы салып, чекеге, көк кежигеге, тизеге, колтукка коюңуз. Анткени бул жерлерде күрө тамырлар бар.

Майлуу тамактан алыс болуңуз

Ысыкта майлуу тамакка көп жакындабаңыз. Майы жок эт жана  жер-жемиштер менен тамактанганыңыз оң. Балмуздакты көп жебеңиз. Ал таттуу болгондуктан адамды тез эле чаңкатат. Азык-түлүккө да кылдаттык менен мамиле жасаңыз. Жайында тамак-аш тез эле бузулуп, уулануулар күч алат.

1880-жылдан берки эң ысык төртүнчү жыл болгонун жарыялаган болчу

(АКШнын NASA космос агенттигинин изилдөөчүлөрү 2015-жылы жер планетанын температурасы жогорулап, күн ысык болот деп билдиришкен. Эске салсак, ушундай эле ысык 2013-жылы катталып, аталган мамлекеттин Мухит жана атмосфера боюнча улуттук башкармалыгы 2013-жыл 1880-жылдан берки эң ысык төртүнчү жыл болгонун жарыялаган болчу. Орто эсеп менен 2013-жылы  жер планетанын температурасы нормадан 0.62°C градуска көтөрүлгөн.
Күндүн ысыгынан Пакистан менен Индияда каза болгондордун саны көбөйүүдө

Түштүк  Азиянын башка мамлекеттеринде да күн катуу ысып, анын кесепетинен Пакистанда1334 адам каза болуп, 10 миңге жакын адам ооруканага жатышкан. Өлкөнүн айрым райондорунда абанын температурасы 50 градуска чейин жеткен. Пакистанда мындай ысык аба ырайы 1979-жылы катталган.  Метеорологдор болсо жакынкы күндөрү күндүн ысыктыгы кайтат деп айтышууда. Ал эми Индияда күндүн ысыгынан каза болгондордун саны 2000ге жетти. Абанын температурасы 47 градустан 50 градуска чейин көтөрүлүүдө. Бул көрсөткүч бир канча күнгө чейин сакталышы мүмкүн. Бул туурасында Индиянын маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Буга чейин 1998-жылы күн катуу ысып, андан 2500 индиялыктар каза болгон.

Японияда алгачкы жолу катуу ысыктан адамдар каза болду

Японияда алгачкы жолу катуу ысыктан адамдын каза болгон фактысы катталды. Анда 3 адам каза болуп, ысыктан жабыркагандардын саны 769ду түздү. Учурда өлкө боюнча катуу ысык болоору айтылып, эскертүүлөр берилүүдө. Япониянын гидромет кызматы абанын температурасы 38 градуска чыгуусу күтүлүп жатат деп билдирди.

Түштүк Азиядагы күндүн ысыгы европаны каптады

Европа мамлекеттеринде абанын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлүп, жергиликтүү тургундар салкын жерлерге кетүүгө аргасыз болушууда. Катуу ысык европа мамлекеттеринде акыркы жолу 2003-жылы болуп, анын кесепетинен 70 миң адам каза болгон.

  Айжаз Сакиева           Эл деми

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

шесть + 8 =