«АДАМДАР ӨЗДӨРҮН ГАНА КӨРӨ АЛЫШАТ – АЛАР МЕНИ КӨРӨ АЛЫШПАЙТ. БИРӨӨЛӨР ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОГОН ОЮҢ – АЛ ӨЗҮҢСҮҢ»

0
39

Кейти Байрон айтат:

Кейүүнүн, азап чегүүнүн баары биздин өз оюубузга болгон ишенимден чыгат

  1. Изилдөө биз ойлогон аруу дүйнөдөн дагы артык дүйнөнү ачат.
  2. Мен – бүт баарынын, бүт азаптын булагымын.
  3. Эгер жашап кете албаса, өзүн-өзү башкаруу эч кандай күчкө ээ эмес.
  4. Акыл-эс өзүн-өзү сүйгөндө – бул керемет роман согушка гана чекит койбостон – бүтүндөй жаңы ачылыштардын башаты болот.
  5. Качан силер өзүңөргө керек нерсенин баарын алып жатканды сезип-туйганда, жашоо бейишке айланат.
  6. Силер жашооңордогу жетпейт, тартыш деген ынанымдан азап чегесиңер. Чынында, эмнеге муктаж болсоңор, силерде анын баары бар.
  7. Кээде бактылуу болуу – жаңылганыңды билдирет.
  8. Алар мен жөнүндө эмне ойлошот? Эч ким мен жөнүндө ойлобойт! Адамдар өздөрүн гана көрө алышат – мени алар көрө алышпайт.
  9. Ойлор… алар менин балдарым… мен жакшы энемин. Өз ойлоруңардын энеси болгула! Башыңардагы балдардын энеси болгула!
  10. Татаал тагдыр деген түшүнүк жок. Муну изилдөө аркылуу текшергиле!
  11. Тозок: «Жардам качан болбосун келет». Эркиндик: «Эч ким келбейт».
  12. Сен бирөөнүн айынан сенин көйгөйүң чыкты дегенге ишенсең, анда сен өзүңдүн курмандыгың болосуң.
  13. Биз келечекте эмнеден корксок, демек биз ошол көргүбүз келбеген нерседе жашап жатабыз.
  14. Адамдардын денеси дарактар же гүлдөр сыяктуу таптаза.
  15. Балдар чындыкты айтышат. Аны угууга биздин эркибиз жетеби, бул бизден көз каранды.
  16. Аң-сезимдин караңгылыгы канчалык көп болсо, азап-кайгы андан да артык.
  17. Боштукта суроо жок.
  18. Турмуш – бул сүйүү, менин урматтууларым. Калганы – өзүбүз ойлоп тапкан башаламандык.
  19. СИЛЕР ЧЫНЫНДА, ӨЗҮҢӨРДҮН КАНДАЙ СУЛУУ ЭКЕНИҢЕРДИ БИЛСЕҢЕР, АНДА ӨЗ БУТУҢАРГА ЖЫГЫЛМАКСЫҢАР.
  20. Ар бир көз ирмем – бул Кудайдын тартуусу: жана силер бул тартууну азыр ачасыңар, азыр, азыр, азыр…?
  21. Кечирбей турган нерсе жок. Силердин чыныгы табиятыңар – бул сүйүү. Силер муну эч нерсе кыла албайсыңар.
  22. Башка адамдар тууралуу оюңар – ал өзүңөрсүңөр.
  23. Качандыр бир убакта боло турган жалгыз коргонуу – бул реалдуулук менен байланышкан сергек акыл, акыл-эс.

24.Эгер сынды тартуу катары кабыл албасаң, анда ал бүтпөйт.

  1. Ушул учурда силер ишенген нерсе силердин кайгыны же бактыңарды жаратат.
  2. Акыл-эс токтобойт. Ойдун обу жок, ал – күнөөсүз балдардай, аны менен күлөсүңөр. Өзүңдү таанып гана акыл-эсти жоошутасың. Акыл эс үйүнө кайтты.
  3. Ачык, тунук акыл-эс бактысыз жашоодо жашашы мүмкүн эмес.
  4. Эгер мен сенин аң-сезимиңде болбосом, анда кандайча сенин кабыл алууңда болом? Жок, сендеги «мен» мен эмес. Анда — «мен» ким? «Мен» эмне?
  5. Стресс – бул силер үчүн чын ыкыластуу эмес бир нерсеге байланганыңарды кабарлаган сааттын сигналы.
  6. Биз өзүбүз түшүнбөгөн нерседен гана коркобуз.
  7. Мурунку дүйнөдө биз кеп кылганбыз, анан эго жашап калды.
  8. Силер өзүңөр жөнүндө айткан ар бир окуя – эго үчүн азык. Чыныгы окуя жашабайт.
  9. Баарын ынандурууга мүмкүнчүлүк жок. Ынандыра тургандай эч кимди таппайсың.
  10. Акча – керемет метафора. Акча зымдар жана телефон системасы аркылуу, түрдүү өлкөлөр аркылуу бир жерден экинчи жерге агып турат. Акча биздин ой жүгүртүү кандай болуш керектигин көрсөтөт: ал кантип ар түрдүү формага кирип, тоскоолдуксуз агат. Бул канчалык жеңил экенин акча көргөзөт – дайыма пайда болуп, кайра жок болот. Бул чоң мугалим. Эгер силер акча сыяктуу кыймылда болсоңор, анда силер колуңарда болгон нерсени сүйүп калмаксыңар.
  11. Биз өзүбүз жөнүндө билгибиз келбеген нерсени сезип-туймайынча, биздин сүйүктүү жана жакын адамдар биздин бардык кнопканы баса беришет.
  12. Иренжүү, ачуулануу, кайгы – бул сезимдер ойгончу маал келгенинен кабар берет. Бул тартуу — дал ушул сезим үчүн жашайт. Алар душман эмес. Ой сыяктуу алар дагы тартуу – алар душман эмес.
  13. Эгер кимдир бирөө мага бир нерсе айтса, анан ал мени кыжырлантса, анда ал айткан нерсе – бул чындык. Эң башкысы ушунда.
  14. Актанып, коргоно баштаган учурда силер ичиңерге, үйүңөргө жана үй-бүлөңөргө согуш жарыялай баштайсыңар.
  15. Биз эч качан аялдарыбыз, күйөөлөрүбүз, энелерибиз, аталарыбыз, балдарыбыз менен бетме-бет келген эмеспиз. Алар тууралуу биздин тарыхты изилдемейинче, алар ким экенин түшүнбөйбүз. Биз аларды эң акырында билебиз.
  16. «Эго» гана туулуп, «эго» гана өлүшү мүмкүн.
  17. Өзүбүздүн ойлорубуздан башка биз эч нерсени жолуктурбайбыз. Сырткы дүйнө – бул ички турмуштун проекциясы.
  18. Жашоо жөнөкөй. Анда баары силер үчүн болот – силер менен эмес. Баары өз маалында эрте эмес, кеч эмес келет.
  19. Силер билесиңерби, өздүк аң-сезимде мага эмне жагат? – Биздин дайыма толук коргоодо болгонубуз.
  20. Бүтүндөй сенин жашооңдо сүйүүнү кезиктиргиң келеби? Күзгүнү кара.
  21. Силер сүйүүнү көргөзө албайсыңар – силер сүйүүдө эришиңер мүмкүн.
  22. Чындык эгодон чочулайт, ал эми чындык эгонун жоктугунан турат. Эго жок – демек чындык бар.
  23. Реалдуулукка жардамымдын кереги жок, ошонусу мага жагат.
  24. Мени сүйүү силердин ишиңер эмес, бул – менин ишим.
  25. Берекенин абалына кирүү үчүн азыр, азыр…ушул тапта коргогон оюңар шектентет.
  26. Көңүл бөлгүлө: силер ойлойсуңарбы же силерди ойлойбу?

51.Бөлөк адамдар үчүн эмне жакшы экенин, силер билип тургандай ойлогондук, башка бирөөнүн иши менен алек болгондукту билдирет.

  1. Биз башкаларга өзүбүз уккубуз келгенди гана айтабыз.
  2. Түрмө аң-сезимде гана жашайт – башка эч кандай түрмө жок.
  3. Менин диним – ушул учурда болуу. Баары ушул.
  4. Качандыр бир учурда болуучу маанилүү жалгыз алака – бул силердин өзүңөр менен болгон мамиле. Качан силер өзүңөрдү сүйгөндө гана, силер менен дайыма алакада болгондорду сүйөсүңөр. Өзүңөрдү сүймөйүнчө, өзүңөрдү ыңгайлуу сезе албайсыңар, анткени адамдар силердин ынаным системаңарга коркунуч жаратып турат, силер муну изилдемейинче, силер ынаным системаңарды коргоо үчүн согушуу ахвалында болосуңар. Мамиле ушундай.
  5. Менде максат жок. Өзүмдү алдап эмне кылам? Кыска-тар ой жүгүртүүнүн мага эмне кереги бар?
  6. Биз чоңойбойбуз. Биздин дене өсөт, бирок биз эмес. Биз бул ойлорго ынанганда, ага кандай мамиле көрсөтөрдө, карматкыс болуп калабыз.
  7. Биз эч нерсе билберибизди баамдамайынча, биздин азап чегүүбүз улана берет.
  8. Бакыттын сырын билгиңер келеби? – Жакшылык жана Шүгүрчүлүк. Башка эч нерсе талап кылынбайт.
  9. Качан алар силерге чабуул койгондо, аларды чындап сүйөрүңөрдү байкайсыңар, силердин Иш жасалды.
  10. Менин ичимдеги дүйнө керемет. Аны менен эч нерсе атаандаша албайт.

62.Жок, албетте, мен бул учурду эч нерсеге алмаштырбайм. Мүмкүн эмес.

Эл деми

Асылбек БЕКТЕНОВ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

шестнадцать − четыре =