Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Өз сөзүнө жооп бере албай, элди көтөргөн Ботобековду мен колдой албайм” 

0
787

Жергиликтүү кеңештин депутаты Ж.Надырбеков кабарлагандай,  Аксылыктар Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобековду колдоо талабы менен өтчү митингге саясатчы Азимбек Бекназаровдун катышуусун талап кылган. Бекназаров камалганда жергиликтүү эл тегиз турган. Ал эми Ботобековдун башына иш түшкөндө ал каякта жүрөт, дешүүдө. Аксы районунун Жаны-Жол айыл аймагынын Малкалды айылында митингге 600дөн ашуун адам катышып, УОКтун лидерлери К.Кадыров, Б. Асанов, У. Маматаевдер келген. Митингде азыркы бийликтин кетишин жана У. Ботобековго карата куугунтуктоолордун токтотулушу талап кылынган. Эгер бул талаптар аткарылбаса, 21-июлда райондун борборуна митингге чыгаарын билдиришкен. Эске салсак, Икрам Илмиянов У.Ботобековдун берген маеги «кадыр-баркыма шек келтирди» деген арызынын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту Уран Ботобековду 1 млн 800 миң сом айыпка жыккан.

-У.Ботобековду колдоо иретинде өтчү митинге сизди катышууну талап кылууда. Негизиги маселе эмне болууда?

— Оозуңан сөз чыктыбы жооп бер! Эми “Вечерканын артында, кокуй шопур турат”-дедиңби? Сотто далилдеп бер. Далилдей албайсыңбы? Кечирим сура!  “Каралардын” да, “жигитчиликтин” да ичинде ушул эле эреже сакталат. Эгерде У.Ботобеков чоң саясатка аралашам десе олуттуу аралашуу керек. Болбогон нерселер менен барууга болбойт. Мен көп жерге жерге барам. Бирок кимдир бирөөнүн айткан жеке ушагы үчүн аралашкым келбейт. У.Ботобековдун иши шопур Илмиянов менен соттошуп жаткандыгына байланыштуу болуп жатат. Ал жерде аны “Кумтөр” же чоң маселе үчүн соттоп жаткан жери жок. Илмияновду күнөөлүү экендигин айттыңбы? Далилдеп бер! Митинге биздин Аксылыктар анын туугандары колдоп чыгып жатат. Мен деле айтып: “ай чыгып колдоп койгула”-дедим. Бирок ал чоң саясат эмес. Чындыгында, Аксыда андай деле ызы-чуу болгон жок.

-Ал митинг же Ботобековдун элди көтөргөнү туура эмес дейсизби?  

-Мен бардык оппозицияда жүрөм. Бирок оппозиция деген мамлекеттик улуттук деңгээлдеги иш-чаралар боюнча чыгуу керек. Жеке өзүнүн айтылган сөзү боюнча элди көтөргөн туура эмес. Дегеле бирөөнү каралаган “кара” пиарларды жазган “пресса” жана адамдарга каршы келе жатам. Бирок мени каралап жазган журналисттердин бирөөсүн дагы сотко берген жокмун. Мени каралаган сөз үчүн элимди көтөрүп, эч убакта ызы-чуу салган эмесмин. Кечээ Ботобеков чакырып жаткан жерге деле бармакмын. Ал жерде болуп жаткан митинг тууралуу мага деле чалып кабарлап жатышат. Эл чөп чаап кыйналып жатсак:”Намыс үчүн келип койбойсуңарбы?”-деп кыйнап жатат дейт. Митинге келген эл чындыгында эч нерсени билбейт. У.Ботобеков Мырзакматов менен чогуу чоң саясатка аттангандыгы үчүн куугунтуктап жатса керек деп түшүнүп жатышат. Өз оозунан чыккан сөзгө жооп бере албай, элди көтөргөн нерсе үчүн мен колдой албайм.

-У.Ботобеков саясатка аралашуунун жолун издеп жатабы?

— Ботобеков өзү саясатчы эмес да. Ал саясатка М.Мырзакматов менен аттанганы жатат. Мисалы М.Мырзакматовдун партиясы Ө.Текебаевдин партиясы кошулса, Мырзакматовдун орун басары У.Ботобеков болууда. Ушул аталган партиялар аркылуу Ботобеков элди ырбатып кетиши дагы мүмкүн. Бул жерде кимдин күнөөсү? Бийликтин күнөөсү болуп жатат. Акыйкатты издеген чогулган элдин алдына бийлик баруу керек. Ботобеков Илмияновду кантип эмнеге жазып чыккандыгын айтып берип, элге түшүндүрүү туура болмок. Эл түшүнбөй эле, Ботобеков бийлик менен кармашып жатыптыр деп ойлоп жатат. Мен Ботобековду коргоочудай анын партиясында эмесмин. Анын партиялаштары жана “Вечерний Бишкек” колдосун.

-Талаптар аткарылбаса Аксы эли 21-июлда райондун борборуна митингге чыгаарын билдиришкен. Ботобековдун колдоочулары митинг аркылуу элди дүрбөлөңгө салып жаткан жокбу?

 -Аксынын эли кандай учурда митинге чыгууну билет. Ошондуктан Аксылыктарга кимдер гана барган жок. Менин жеке ойумда кайсыл бир партия митингти ырбатып алып кетиши мүмкүн. Шайлоо компаниясы башталып, тыйын-тыпыр менен элди районго чыгарат. Ботобеков М.Мырзакматовдун партиясынын орун басары болсо, Мырзакматовдун партиясы “Ата Мекен” менен биригип жатабы?! Демек “Ата Мекенчилер” элди уюштуруп, анын партиялаштары райондо өткөрүшү мүмкүн. Райондун борборунда митинг болуп, эгерде эл өзү чакырса барам. Кайсы бир Ботобеков үчүн эмес, эл үчүн барып келем. Бирок барган учурда дагы ушул эле сөздү айтам. Айттыңбы? Сөзүңө тур! Далилде!

Упел АНАРКУЛОВА  Эл деми 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

13 + 13 =