1. АКЫЛБЕК ТҮМӨНБАЕВ МЕНЕН АТА МЕКЕН ПАРТИЯСЫНЫН АРАЛ АЙЫЛ ӨКМӨТ ЧУУСУНДА НЕ ИШИ БАР?

0
265

Бу Акылбек Түмөнбаевди Ата-Мекен партиясы Түптөн депутат кылабыз деп бир чамынтканы бар. Түптүктөр “ой бул бардар” жигит экен дешип, кеп кылышканы менен өтпөй калган. Кийин Ата-Мекен партиясы Акылбектин “бардарлыгына” кызыгып, алигиче “далыга таптап” кармап, Эсеп Палатасына аудиторлук кызматка түртүшкөн. Айтор Акылбектин бул Аралдын чуулуу иштеринде аты атала калганына караганда, анда дагы кеп бар көрүнөт. Жакшы иштерди колдоп чыкса, бали дейт элек, андай болбой анын тескерисине ыктап жатпайбы. Кечээ жакында, парламентте көптөн бери мыйзамсыз коррупциялык иштерге алакасы бар делип, тийиштүү органдар тарабынан юридикалык баа берилбей созулуп келе жаткан Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Мамытов Бактыбектин ишинин жеткиликтүү каралашы боюнча маселе көтөрүлүп айтылган эле. Ошондон кийин ат тезегин кургатпай, үч-төрт жергиликтүү кеңештин депутаттары башчыга болушуп, эмнеге парламентте биздин уруксатыбызсыз айтты таризде Акылбек Түмөнбаевге жетишиптир. Ал дароо Ата-Мекен партиясынын кеңсесине Болот Шерге ээрчитип кирип, маселе көтөргөн депутатты чакырышып, талкуу жаратышыптыр…

Түмөнбаев Арал айыл өкмөтүндөгү алешемдиктерди жараткандарды коргоого эмне анча шашты? Бирок, Акылбек мырза “алардын иши чатак экенин билбептирмин” өңүттө жооп берери турган иш. Бирок, бир жылдан бери жергиликтүү, республикалык маалымат каражаттарында, социалдык торчолордо кайра-кайра маселе жазылып жатканынан кантип эле кабардар болбосун? Болбосо, Арал айыл өкмөтү боюнча Ысык-Көл областында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү А. Осмоналиев, Түп райондук прокурору Э.Урдалетова,  Түптүн акими Э.Жантаев жана Ысык-Көл областык прокуратурасы, областтык УККсы, Түп райондук УККсы Түп районундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамытовдун мыйзамсыз, коррупциялык иштерин жашырып, Президент С. Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү саясатына каршы иштешүүдө деп эсептешкендердин кайрылууларын, Арал айыл  өкмөтүндө имараттарды кызматтык абалын пайдаланып сатып, же алып алышканын, кийин арыз жазылса, прокуратура «мөөнөтү  өтүп кетти» деп ишти токтотуп, же же кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталды деп айлап, жылдап кармалып жатышканын, арыз берүүчүлөрдү сөгүү, коркутуу ыкмаларын колдонушкандарын билген эмеспи.

“Өйдө жакта Мамытовдун чоң колдоочулары бар” дешкен шыбыш эл арасында көп айтылчу эле. Парламентте буга кандайдыр кызыкдар чөйрө турганына шек жоктугу бекер айтылбаптыр. Кезегинде Мамытовдун иштери боюнча Эсеп Палатасына дагы жазылганы менен андан майнап чыкпаганына ошонун тиешеси жок деп ким кепил болор. Кыскасы, Акылбек Түмөнбаевге бериле турган суроолор эми четтен чыгат…

(уландысы бар)

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

12 + два =