Акын, котормочу Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси болот

0
38

Айтылуу «Асаба, «Агым», «Баягы Асаба» басылмаларында башкы редактор болуп эмгектенген белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулунун эскерүү кечеси 25-апрелде Улуттук филармонияда өткөнү турат. Бул тууралуу жубайы, журналист Назира Саалиева билдирди.

Эрнис Асек уулу — маркум Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенип, кыргыздын бир топ мыкты журналистерин тарбиялап кетти. Башкы редактор катары гезиттин ар бир санында жаңычылдык киргизүүгө далалат кылып, тынымсыз изденээрин, жазмакерликте так, даана жана кыска жазууну Эрнис Асек уулунан үйрөнүшкөндүктөрүн айрым кесиптештери көп сөз кылышат.  Адабий чөйрөдө Эрнис Асек уулу өзгөчө стили бар акын катары бааланып, дүйнөлүк адабияттан бир топ акындардын, даанышмандардын чыгармаларын которгон.  Кытайдын улуу ойчулу, даанышманы Конфуцийдин осуяттарын, Михаил Булгаковдун «Мастер и Маргарита» деген романын,  Жидда Кришнамуртини кыргызчага которгон. Балдар үчүн Корней Чуковскийдин ырларын, Булгаковдун «Күрөөгө коюлган сүйүү» деген аңгемесин, Лев Толстойдун «Балалыктын батылдыгы» деген аңгемесин да которгон.

25-апрелде Улуттук филармонияда Эрнис Асек уулун анын кесиптештери, кыргызга белгилүү болгон акын, жазуучулар, саясатчылар өрнөктүү өмүрүн, өлбөс-өчпөс эмгектерин эскергени турушат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

2 × два =