Акыркы кездеги митингдер, улутту жок кылууга аракетпи?

0
37

Митингдер жашообуздун бир бөлүгү болуп калган сыяктуу. Адам укугуна келе турган болсок, укугубузду ушунчалык жакшы көрөт экенбиз, өзүбүз мыйзам жазып, ага ченебей эркиндикти берип алып, эми ээ боло албай жатканыбыз деле жалган эмес. Биз сөзсүз туура жолду тандоого, мындай кыйчалыш татаал жолдон чыгууга мезгил келди. Ал үчүн эмне кылуубуз керек эле? Оңго барсаң өзүң, солго брасаң атың өлмөкчү болгон жомоктогу баяндай, бийлик тарабын карасаң, ал жактагы кашаңдык аракеттер мына ушундай эл нааразычылыгын пайда кылып, чечкинсиз алардын аракетинин аягы митингдерди пайда кылып жатабы десең,  эл тарабы деле кээде “обу жок кыз орсок ууй сааган” сыңары, болбогон таарыныч, эки тараптын элдешкис кыска талашы, эсибзге эгерим келбеген жоругу, тилеги жамандардын аракети, кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн деле кыйкырып көчөгө чыга бергенин деле баамдоого болот. Ал учурдагы өлкөнүн экономкалык абалы, финансылык жана инвестициялык климатынын абалы эмне болот,  кайда калат? Ар биз жазыбызды жазгы талаа жумуштарына, жазгы оюн-зоок жакшылыктарга эмес, митингдерге арнап калгандайбыз. Айтор, ар жазыбыз куру эмес. Акыркы революциядан кийинки эле жылдарды алганда жылына миң деген митингдер өтүптүр.

Айталы, 2011-жылы  1 193 митингдер фактысы катталса, 2012-жылы 1 286, 2013-жылы 849, ал эми 2014-жылы 448 факт катталса, ушул эле жылы ар кандай саясий 239 митинг катталган.  Ал эми социалдык-экономикалык багытта — 249 митинг болгон.

Булардын кесепетинен өлкө канча чыгымдарды тартканын, элдин ичиндеги ынтымак, ден соолук маселеси канчалык оорлошконун бир кудай билсин. Бирок, залалы бир топ эле болуп жатканы маалым.

Кыргыз эли нарк күткөн, каада күткөн эл. Карысын кастарлап, калпагын башына кийип, намысты туу кармаган эл. Бирок, акыркы кездерде, ошол баалуулуктарыбызды жоготуп бараткандайбыз. Жашоонун жакырчылыгына эмес, жан дүйнө жакырчылыгына алып келген Батыш саясаты, “ооруусу”, маданияты ошол баатыр элдин, намыстуу элдин , касиеттүү жердин кутун учуруп жатканы адамдын жанын кейитет.

Эки күндөн бери аялдардын укугун айтып, Ала-тообузду, жоругу жолдо калгыр батыштын акчасына суугарылган, касиет качкандар митингдери  уюштуруп жатканы ар намысыбызды ойготууда. Кыргыз кызы, келини качан “төрөбөйм, чай куйбайм, эрге тийбейм, билгенимди кылам” дечү эле? Бул улуттун уңгусуна чоң коңкуроо болуп жүрбөсүн. Ойлонуу керек го, кыргыз!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

18 − 14 =