Ак тандай акын Амантай же санаты сан Саргашка

0
13

Кылымдарды карыткан кыргыз элибиз оз тарыхын элдик оозеки чыгармачылык аркылуу эпос, дастанга айлантып, муундан-муунга мурас кылып келген эмеспи. Адегенде Айкөл Манас атабызды, айтылуу Жайсаң ырчы жамактап баштап, улам кийинки муундун манасчылары байытып, бу күндө эпосубуз эбегейсиз зор чыгармага айланды. Айкөл атабыздын касиети колдоп, элибизден эчендеген улуу айтуучулар чыкты. Ушу күнү да улутубуздан улуу эпостун тубаса айтуучулары чыгып жатканынын сырын эч бир илим түшүндүрүп бере албайт. Ал эми «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору болгону үчүн гана кенже эпостор деп аталып калган кырктан ашык эпос, дастандарыбызчы…
Мына ушунун баарын бапестеп багып, биздин күнгө жеткирген эчендеген, аты белгисиз калып кеткен элдик өнөрпоздор экендиги талашсыз.
Жараткан бизге манасчылык, төкмө акындык өнөрдү ыроологонуна миң мертебе ыраазы болосуң. Төкмөлүк өнөр кыргыз менен казак элинин гана энчиси. Казактын да жамактап, төгүп калганынын сыры, түбү кыргыздан тамыр алганында болсо керек.
Менин бүгүнкү сөз кылайын дегеним, санжыргалуу журтубуздун салмактуу төкмөсү Саргашка акын, айтылуу КР эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев жөнүндө болмокчу.
Амантай агабыз касиеттүү Таластын жогору жагындагы Талды-Булак айылында туулуп өскөн. Өтмөктүн оозунда жайгашкан өрөөндөгү алгачкы айыл болгондуктан, агабыз абанын тазасынан дем алып, суунун тунугун ичип чоңойгон. Айрымдар атак-данкты өмүр бою кубалап, жеткени жетип, жетпегени дайын-дарексиз кетсе, Амантай акын бир эле кечте бүтүн кыргыздын сүймөнчүгүнө айланган. Мен 5-6 класс окуп калган маалда, теледе өтө популярдуу «Мыскыл жана тамаша» деген мыкты көрсөтүү болор эле. Дал ошол көрсөтүүдө мектепти жаңы эле бүткөн чыканактай бала чылкый талант, орошон акын Байдылда Сарногоевдин «Мидинге катын» аткарып чыккан. Ошол замат калың кыргызга таанылып, улуу өнөрдүн угуттуу улантуучусу болору билинген. Менимче, Амантай агабыздын эң барандуу бакыты бул СССРдин эл артисти, залкар талант, эл ырчысы Эстебес Турсуналиевдин көзүнө түшүп, анын шакирти болуп калганында. Эстекен Амантай агабызды алмадай бала чагынан жанына алып, эл аралатып, булактын көзүн ачкан сыңары өнөрдүн түйшүктүү, ары сыймыктуу дагы сапарына аттандырган. Өзүнүн болгон өнөрүн үйрөтүп, тарбиялап, акындын азыркы абалга келишинин пайдубалын түптөгөн.
Бала кезде айылыбызга эбегейсиз талант Эстебес Турсуналиевдин тобу келип, тайлуу-таягына чейин чогулган эл стадионго батпай, укмуш бир концерт болгону азыр да көз алдымда. Жамы журт Эстекенди муюп угуп, эрчитип жүргөн шакирттери Малик Аликеев менен Амантай Кутманалиевдин да өнөрүнө карк болушкан. Экөө тең кошуна айылдардан болгондуктан,анын үстүнө Амантай агабыздын жалпы урук-тууганы биздин айылда тургандыктан эл өтө катуу сүрөөнгө алган. Мен болсо Эстебес Турсуналиевди тирүү көргөнүмө эсим ооп, элеп-желеп болуп турганым эсимде.
Амантай агабыз Эстебес Турсуналиев менен катар, айтылуу акындар Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаевдер менен аралашып, алардын таалимин алып, тарбиясын көрдү. Билген кишиге бу да бир тагдырдын табериги катары тартууланган чоң ырыс эмеспи. Азыркы төкмө акынмын дегендердин арасында мындай дөө-шаалардын шакиртимин дегендер саналуу.
Бүгүн минтип Амантай агабыз КР эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наам алып, Ашыралы Айталиев тарабынан “Саргашкага” айланып, сөздүн түз маанисиндеги классикалык төкмө акын болуп, Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониянын белдүү өнөрпозу катары эмгек өтөп келет. Амантай-Саргашка төкмө акыныбыз добушуна комузу жарашып, кыргыз элинин улуттук байлыгына айланган маалы. Айрым акындардай ары-бери буйтабай, кыргыз-казак чогулган же жергиликтүү айтыш болобу, байма-бай катышып, элибизге өнөрү менен руханий азык тартуулап келе жатат. Менимче, Токтогул, Эшмамбет, Жеңижок баштаган акын аталарыбыз деле элүүнү этектеп калгандан кийин, болуп-толуп, баралына келип, анан мөмөсүн төксө керек. Андыктан, кыркты кыялаган акындардын “жаштарга жол бошоттум” деп, айтыштарда, айрыкча казак туугандар келгенде четке чыга бериши чекилик. Анткени, эки элдин акындарынын айтышында намыс маселеси биринчи орунга чыгып турары анык. Улут намысына жарар учурда ийинге кирип, калган убакта какылдаган акындарыбыз аман эле болсун.
Аман агабыз абалкы акындардын айтыштарынан тартып, терме, санат-насыяттарын мыкты деңгээлде аткарып, өз чыгармаларын теле-радиодон тынымсыз тартуулап, атүгүл, китеп кылып да чыгарган.
Ал айтыштарда аккан суудай шаркырата төгөрүн жамы журтубуз жакшы билет. Айрыкча, илхамы келгенде дене-бойду дүргүткөн керемет саптарды ыргытып коюш ага кеп эмес. Бир сапар канатташ казактын абройлуу акыны менен айтышып жатып, соолуган Арал деңизи тууралуу «Каз конгон көлдү соолуттун, Казактын баарын ооруттуң» дебедиби. Не деген сап! Мындай саптары ого эле арбын, айта берсек сөз бүтпөйт.
Өнөр дүйнөсүндө, өзгөчө таланттуулар ачкыл суунун азабын айрыкча тартышат тура. Кезинде Райкан, Мидин, Байдылда аталарыбыз да андан четте калбаптыр. Дал ушул балакет сакадай бою сары алтын Саргашка агабызды кыйла жакалады окшойт, айрыкча, жаш кезинде. Ошентсе да, бар талантты капка ката албайт экенсиң. Бир ирет Ысык-Көлдө өткөн айтышта ачкыл суудан ашкере аттырып алганына карабай, Ашыралы агасынын мотивине салып аны туурап, элди күлкүгө карк кылып, ошондо да орошон саптарды оргуштатып атканын көрүп, ичимен ыраазы болуп, өнөр адамынын кылаары элине дем экенин байкаганым бар бар. Эми ушул кенедей кезинен бери эл шайыры болуп, атпай журтубузду руханий байлыкка сугарып келген Саргашка агабыз быйыл эр ортону 50 жашка толуп жатыптыр. Ак тандай акын агабызды мааракеси менен куттуктайбыз! Элине берээри али алдыда, буйруса.
Айтайын дегеним, тынымсыз эмгек кылып, төкмө акындык өнөрдү аздектеп келаткан Амантай Кутманалиев агабызга Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылса абдан эле туура болмок. Мындай бийик наам өнөрдүн өркүндөшүнө өзүнүн зор таасирин тийгизет деп ишенем. Анткени, талантка сурөөн керек эмеспи.

 Кубат Болотканов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

5 × два =