Ак үй: аким керек… аким керек…

0
11

Бороновдун жаңы өкмөт болуп келишинен уламбы айтор, “бороон” башталган кезде өкмөттүн алыскы-жакынкы аймактагы акимдери улам бири иш таштап кете баштады. Шайлоонун шаанисин сөз кылган менен алардын артында мурда ким туруп, ким алып келгени белгилүүдөй. Сыягы кеткендин баары мурунку өкмөт башы Абылгазиев алып келген кадрлар окшойт. Болбосо, жылаан чакпай, жылкы теппей ушул кезге чейин өкмөттүн эки көзү менен тең айланып келген бул жетекчилер өз каалоосу менен арыз жазып, болгондо да бийликтин бүйүрүн кызыткан партияларды атап анан кетпейт эле. Жылкыбаев ушундай кылды.

Кечээ, Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетүүгө арыз бергенин өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Ал кызматтан кетүү тууралуу жазган арызынын себебин  күзүндө өтчү парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин айтты. Кайсыл партия экенин билдирген жок. Муну менен катар Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Токтосун Султанов дагы өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Ал азырынча шайлоо боюнча ооз ача элек, ошентсе да бул орун алмашуулар бекер жерден болбогону баарына белгилүү.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

два × 4 =