«Алиби» гезити: “Жогорку Кеңеш Ж.Мусабекованын “айткан-дегендерине” моралдык жана укуктук баа берүүгө милдеттүү деп эсептейбиз”

0
662

“Алиби” гезитинин өткөн, 27-апрелдеги санына Тоң районундагы Даң-Талаа айылында жайгашкан И.Текеев атындагы орто мектептин мугалими Рита Исмаилованын “КСДП фракциясынын депутаты айылга “крыша” деген темадагы сөзмө сөз баяндамасы жана өлкө жетекчилигине кайрылуусу жарыяланган. Диктофонго жазылган баяндаманы “Аксы Айым” деген ат менен гезиттин кабарчысы Үпөл Анаркулова даярдаган.

Ошол эле 27-апрелдин кечинде КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Жылдыз Мусабекова мобилдик телефон аркылуу кабарчы Ү.Анаркуловага чыгып, алардын ортосунда жогорку чыңалуудагы сөздөр болгон. Оозуна алы жетпеген депутаттын дөгүрсүгөн сөздөрүнө, интернет айдыңындагы негизсиз кинелерге жаны кашайган журналист 2-май күнү депутат экөөнүн ортосундагы сөздөрдүн бир бөлүгүн далил катары интернетке жүктөгөн. Эки күндүн ичинде бул “сүйлөшүү” менен 40 миңден ашык адам таанышкан.

Депутат айым кабарчы айымыбызды сотко бергенин ММКларга билдиргенине байланыштуу, гезиттин бүгүнкү санына депутат Ж.Мусабекова менен кабарчы Ү.Анаркулованын “маегин” эч өзгөртүүсүз, толук жарыялоону туура көрдүк. Кыргыз эли өз “баатырларын”, тактап айтканда өз депутаттарын билүүгө тийиш.

Ошол эле убакта Жогорку Кеңеш, анын этика боюнча комитети, КСДП фракциясы, тиешелүү укук коргоо органдары депутат Ж.Мусабекованын “айткан-дегендерине” моралдык жана укуктук баа берүүгө милдеттүү деп эсептейбиз. Кечээ эле журналистиканын “шинелинен” чыгып, депутаттык бийлик колуна тийген соң, мурдагы кесиптештерине “кыргый оюн” салып, аларды каалагандай калчагысы келген ар бир адам кайсыл коомдо жашап жаткандыгын биле жүргөнү оң.

КСДП фракциясы юул маселени өз отурумунда карай турган болсо биздин редакция жамаатын, ММК өкүлдөрүн кошо чакыруусун суранабыз.

«Алиби» редакциясы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

два × один =