Алиясбек АЛЫМКУЛОВ, КРнын Алматы шаарындагы башкы консулу: “Атка минерлер тытышпай, элдин келечегин ойлосо…”

0
374

КРнын Алматы шаарындагы башкы консулу Алиясбек Алымкулов ушул жылы легендарлуу панфиловчу, Советтер Союзунун Баатыры Бауыржан Момышулынын ысмындагы «Батыр Шапагаты” төш белгиси менен сыйланды. Бул төш белги чет элдик дипломатка алгачкы ирет тапшырылып жатканын баса белгилөөгө болот. Элчи менен учурдагы кызматы, жеке турмушу, келечектеги максаттары туурасында маек курдук.

 — Алиясбек мырза, «Батыр Шапагаты” төш белгиңиз кут болсун. Эки элдин бир туугандык байланышы мындан ары да бекемделишин каалайбыз. Эл ичинде: “бийлик кайсы бир адамдан убактылуу кутулуу үчүн элчи кылып чет өлкөгө жиберет” деген кеп бар. Бул канчалык деңгээлде чындыкка жакын…

— Элибизде: “жаман жумуш болбойт” деген сөз бар. Биринчиден мен үчүн жаңы багыт болсо, экинчиден  сыноо болду. Үчүнчүдөн кызыктуу нерсе болду десем болот. Анткени кайрадан жаңы иштерди үйрөнүп, көп нерсеге көзүм ачылды. Башка бир мамлекетте өзүңдүн элиңдин, мамлекетиңдин, жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргоо башкы милдет эмеспи. Ал эми казак элинин сыйлыгы мен үчүн күтүүсүз болду. Албетте эмгекти баалап, анын жыйынтыгында сыйлык тапшырды деп ойлойм. Бул Казакстандагы чоң сыйлыктардын бири болуп саналат. Мында бир четинен жоопкерчиликти күчөтүп жатат. Сыйлыкка татыктуу болуу үчүн көп иш-чараларды жасаш керек. Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, көп иштерди жакшыртуу зарыл.

— Акыркы жылдардагы кыргыз-казак мамилесине кандай баа бересиз ?

— Негизи түпкүлүгүбүз эки эл бир тууганбыз. Оор мезгилде кыргыз эли бир туугандай кабыл алып, акыркы наны менен бөлүшкөн. Эл болгондон кийин ар кандай адамдар болот. Бир убакта жакшы болсо, кээде салкындаган учурлар болду. Бирок ага карабастан эки мамлекеттин мамилесин жакшыртууга, салым кошууга аракет кылуу зарыл. Анткени эки мамлекеттин мамилеси жакшы болсо, ишкер адамдарга, иштеп жүргөн мигранттарыбызга жеңилдик болот. Ошондуктан мамлекеттин мамилесин жакшыртуу жагын ойлошубуз керек. Биз мекендештерге жакшы шарттарды түзүүгө умтулуп,эл берген ишенимди актоого аракет жасайбыз. Казакстан тарабынан тапшырылган сыйлык да чоң жоопкерчиликти жаратат

— Көпчүлүк учурда элчиликтин кылган иш аракети канааттандырбайт. Анткени мекендештерибиз үчүн толук кандуу иштебейт деген нааразычылыктар бар…

— Элчиликте кеп жок. Анткени элчиликте бир эле адам эмес, бир нече адам иштейт. Ошол адамдын сапатына жараша болсо керек. Ал эл менен аралашкан элдин кишиси болсо, анда элчинин иши жүргөн болот. Анткени иштеп жаткан таза, күчтүү элчиликтин кызматкерлерине сөз тийип калат. Ошондуктан кабинетинен чыкпаган адам болсо, ал бир адам үчүн бүт элчиликке көлөккө түшпөшү керек.

— Казакстандандагы мекендештер көбүнчө кандай жардамга муктаж ?

— Билинбегени менен күнүмдүк көр оокаттын маселеси көп. Эң чоң көйгөй жарандар өз укугун билбейт. Экинчи көйгөйлүү маселе кыргыздар эч тактабайт: “Менин классташым, байкем, тайкем чалды” – дейт. Кайда? Эмне иш кылганы баратасың? Баарын так билишпейт. Негизи мыйзамдуубу же мыйзамсызбы тактап алуу зарыл. Мындан улам мыйзамсыз жумуштарга кирип, кор болгон учурлар кездешет. Учурда көпчүлүк жарандарыбыз соода-сатык тармагында эмгектенишет. Кыргыз жарандарыбыздын өзгөчөлүгү тез үйрөнүп, тез ылайыкташат. Ар бири өз үй-бүлөсүн багып, ак эмгек менен нан таап жатат. Мекендештерибиз чет жерде жүрүп, мамлекетибизде өнүгүү болсо экен деген үмүтү чоң. Биздин атка минерлер тытышпай, акыл, сабырдуулук менен келишип, элдин келечегин ойлосо дейбиз.

 

Аксы АЙЫМ

Эл Деми

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

12 − пять =