Алсыз адамдардын акылсыз кадамдары

0
6

Өткөн аптада Нарын шаарында эл өкүлдөрү Рыскелди Момбеков, Алтынбек Жунусов жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда облус тургундары менен жолугушуу болгон. Жолугушуу 2 саатка пландалып, бирок 3,5 саатка созулган. Ал жерде бийлик тарапка, облустук депутаттарга ар кандай сындар айтылган. Бирок, өлкөдөгү абройлуу маалымат каражаты “жыйын маалында келгендер залды таштап чыгып кетишти” деген маалымат жарыялаган. Каратып туруп калп айткан маалымат каражатынын жолу болсун. Момбековдон башка депутат болсо ишенет элек, мындай айрым көрө албастардын ушагына. Бирок, баарыбыз эле билебиз да Момбеков менен жолугушууга баргандар залды таштап кетмек турсун, аны коё бербей ал киши менен баарлашууну каалашат. Момбеков бул каралоо боюнча төмөндөгүдөй оюн билдирди: “Бул карандай калп, жалган жалаа. Жыйын бүткөнчө эл чыгып кетти деген болбогон сөз. Жыйын 2 саатка пландалган болчу, бирок 3,5 саатка созулуп, андан кийин да мени жарым саат кармап турушту. Мен сыйлаган маалымат каражатынын, анын журналистинин бул кылыгы мени таң калтырды. Жалгандын өмүрү кыска болот дегендей, бул маалымат эки күнгө жетпей унутулду. Дегеним жыйындын толук тасмасы социалдык тармактагы өздүк баракчаларыма, КСДПнын сайтына жайгаштырылды. Бул тасма так жооп деп айта алам. 600 орундуу драмтеатрда 500дөн адамдын олтурганы чын, бирок 5өө олтурган сүрөттү каяктан тартып алышканы мага да табышмак. Мындай маалыматтардын чыгышына кимдер кызыктар экени мага маалым. Алсыз адамдын, акылсыз кадамдарынан эч кандай майнап чыкпайт деп ойлойм. Чындык баары бир чыгат деп ойлойм. Мени көралбагандардын, кашанын ичиндеги “досторумдун” майда-барат иштерине көңүл деле бурбайм. Мен билем чындыкты, анан эл билет чындыкты”-деди Момбеков.

«Факты кж»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

двенадцать − девять =