Американын күч-кубаты, ырыс-ынтымагы – анын ар түрдүүлүктү баалаганында

0
1544

АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин консулу Эрика Хоскинг айым биз менен виза, миграция жаатында жана кыргыз-америка кызматташтыгынын тегерегинде кеп салып берди.

— Алгачкы суроону кыргызстандыктардын Америкага карым-катнашынан баштасак. Эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусуна 20 жылдан ашыптыр. Ушул убакыттын ичинде Америкага виза алган кыргызстандыктардын саны канчага жетти?

— Тактап койсок, ушул жылдын 25-декабрында кыргыз-америка мамилелерине  24 жыл болот. Чынын айтканда, толук санын айтуу кыйын. Себеби визанын түрлөрү абдан көп. 1996-жылга чейинки  маалымат бизде жок, ал эч жерде сакталган эмес. Бирок 1996- жылдан бери ар түрлүү категориядагы визалардан 40 миңден ашуу визалар берилди. Булардын көбү туристтик визалар. Талапкерлер дээрлик туристтик визага тапшырышат.

— Визалардын кандай түрлөрү  бар?

— Мен визанын түрлөрү боюнча кененирээк маалымат берейин. Алар негизинен эки чоң түргө бөлүнөт. Бул иммиграциялык жана иммиграциялык эмес визалар. Иммиграциялык визалар – булар Америкага барып, туруктуу жашаганга жана иштегенге уруксат берет. Иммиграциялык визаны үй-бүлө куруу, турмушка чыгуу аркылуу ала да, ошондой эле лотереяга катышуу аркылуу алса да болот. Ал эми иммиграциялык эмес визалардын максаты- бул кыска мөөнөткө барып-келүү. Иммиграциялык визанын түрлөрү менен талапкерлер биздин веб-сайт аркылуу таанышканы жакшы. Bishkek.usembassy.gov ал жерде баары толук, түшүнүктүү жазылган. Ал эми иммиграциялык эмес визанын абдан көптөгөн түрлөрү бар – алар боюнча да так маалымат берилет. Иммиграциялык эмес визалар жөнүндө айтсам, кыргызстандыктар көбүнчө  туристтик категорияга тапшырышат. Бул категория менен кыска мөөнөткө конокко, саякатка жана ишкердик сүйлөшүү жүргүзүү үчүн  барып келүүгө болот. Бирок, бул виза менен иштегенге болбойт. Мунун экинчи эң популярдуу түрү студенттерди алмашуу  программалар аркылуу бара тургандар. Кыргызстандык жаштар ушул категорияга көп тапшырышат. Бул визанын категориясы менен барып окуп келгенге уруксат берилет. Summer Work Travel (Жайкы иш жана саякат) программасы студенттерге саякат кылып, легалдуу иштегенге да уруксат берет.. Бул программа боюнча  студенттер саякаттоого, иштөөгө жана англис тилин үйрөнүүгө  бара алышат.

— Биздин окурмандар көбүнчө мындай суроо беришет – жумуш визаны кимдер ала алат? Ал кандайдыр квоталардын негизинде ишке ашабы? Же мүмкүн эмеспи?

—  Жакшы суроо экен.  Эч кандай квота жок. Негизинен жумуш визаларынын бир нече түрү бар. Бирок бардык ушул визаларга бир эреже бар. Жумуш визасына тапшыруучу талапкер визага тапшырыштан мурун Америкадагы Ички коопсуздук кызмат департаментинен уруксат алыш керек. Аны алуу үчүн америкалык жумуш берүүчү  талапкердин атынан арыз берет. Уруксат кагазы-өтүнүч петиция колуна тийгенден кийин гана ал талапкер бизге виза алууга тапшыра алат. Жумушчу визага талапкер ошонун негизинде бизге келе алат. Бул эреже жумуш визаларынын бардык категорияларына тийиштүү. Виза алып, анан АКШга келип иш издөөгө же орношууга болбойт. Мындай эреже жок.

Жалпысынан, жылына 100гө жакын кыргызстандыктар АКШга жумуш виза менен барат. Мунун ичине Summer Work Travel (Жайкы иш жана саякат) программанын катышуучулары кирбейт, алар алмашуу программалардын ичине кирет.

Жумуш визасынын эң кенири тараган түрү H1B категориясы. Бул категорияны көбүнчө информациалык технология же инженерия жаатындагы адистер ишке орношуу үчүн колдонушат.  Бирден бир талап адистин университеттен алган жогорку билими болуш керек. Дагы экинчи кеңири тараган визанын Р категориясындагы визалар. Бул категорияга артисттер, ырчылар, спорт чеберлери кирет. Алар дагы жумуш берүүчүсү Ички коопсуздук кызмат департаментинен уруксат алып бергенден кийин, анан виза алууга кайрылышат. Туристтик визаны алып барып эле, мисалы, фильм, клип же видео тартканга болбойт.

Виза алуу үчүн маектешүү маалында Консул документтерин карап, баары туура чыкканда гана ошол категория менен уруксат берилет. Негизинен процедуранын бардыгы окшош, ал артистпи, инженерби, же  компьютер адисиби айырмасы жок.

—  Виза берүүдө консул кандайдыр бир чектөөлөргө таянабы, анткени көпчүлүк элдин айтымында виза боюнча кайрылгандар жеке консулдун өзүнөн “отказ” алып калышат экен. Анан ушуга кошумча суроо, мисалы, 24 жылдын ичинде 40 минден ашык кишинин визасынын көбү туристтик экен. Жумуш визасы менен кеткендердин маалыматы барбы?

-Жакшы. Жооп беришке аракет кылайын. Биринчи суроо боюнча, виза берүүдө чектөөлөр барбы деп атпайсызбы, негизинен бул жерде бир эле жооп бар. Визаны берүү же бербөөнү маектешүү убагында  консул өзү  эле чечет. Эч нерсеге таянбайт. Консулдун бүт чечимдери Американын иммиграциялык мыйзамынын негизинде гана кабыл алынат. Биринчи суроо боюнча ушуну гана айта алам.  Албетте, чечим кабыл алып жатканда чечим ошол замат кабыл алынбайт. Талапкердин бардык жагдайларын карап туруп, иммиграциялык мыйзамдарга квалификациясы жооп бере алабы же жооп бербейби, деген өңдүү кырдаалдарга жараша чечим чыгарылат.

Негизинен бул жерде визалар боюнча так маалыматтар Госдепартаменттин расмий сайтында бар. travel.state.gov Виза категория боюнча бөлүнүп, канчасы алган, канчасы алган эмес, ошол жактан карасаңар,  бүгүнкү күнгө чейинки так маалымат  берилген.

Сиздин суроонуз боюнча жумушчу визалар 24 жылдын ичинде мынча адамга берилди деп айтыш кыйын. Акыркы жылдары болгон сандарды карасак, жылына 100дөй адам жумушчу виза алат.

— Айтмакчы азыр дүйнөдө эң популярдуу болгон грин-карт лотереясы азыр иштейби же токтогонбу ?

— Ооба, бул программа иштеп жатат. Грин-карт лотереясы же иммиграциялык визалар лотереясы- эң популярдуу программалардын бири. Биздин билишибизче көптөгөн кыргызстандыктар дагы бул лотерея аркылуу Америкага көчүп  кетишкен. Ушул жерде да кошуп кетким келет. Бул  аябай чоң жана жакшы программа. Биз чындыгында муну жогору баалайбыз. Себеби, жыл сайын ушул иммиграциялык лотерея аркылуу ар кайсы мамлекеттерден келген адамдарга Америка 55 миң орун берет. Бул жерде мамлекеттерди да тандаганда  Америкага иммиграция боло элек калктарга өзгөчө көңүл бөлөт. Тарыхты карап келгенде да. Мисалы, Кыргызстандан аз болсо ушул жакка берели деп  квотаны бөлүшөт. Ушундай акыйкаттуулугу үчүн  өтө  бааланат.  Америка жалпысынан иммиграцияны, ар түрдүүлүктү абдан баалайт. Бир нерсени айта кетели. Биз Америкага Melting Pot деген өзүнчө лакап ат коебуз. Муну мындайча түшүндүрсөм болот; Америка эли өзүнчө эле чоң кайнаган казан, бизде ар түрдүүлүктү баалагандыгыбыз үчүн, ар жактан кошулган ар түрдүү адамдар келсе, булар бири-биринен көп нерселерди үйрөнүп, биринин маданиятын бири байытып, ошонун негизинде өзгөчө болобуз. Американын күч-кубаты, ырыс-ынтымагы мына ушунда!

— Өткөн жылы биздин билишибизче Америкага визаны беш жылдык мөөнөт менен берилет дегендей долбоорлор сунуш кылынып жатты эле . Ошол канчалык денгээлде  реалдуу ишке ашып жатат?

-Бул долбоор ишке киргенде 2015-жылдын 28-апрелинен тарта биз Кыргызстандын жарандарына беш жылдык мөөнөттүк визаларды бере баштаганбыз. B1, B2 туристтик категорияга гана берилет. Үй-бүлөөсүнө барганга, конокко барып- келгенге, туристтик  жана кыска мөөнөттүү иштер  менен бат-бат каттоого мүмкүнчүлүк берет. Бул  биздин акыркы жылдардагы  позитивдүү эң чоң долбоорубуз. Азыр иштеп  жатат.

Учурда канча адам ошол визадан пайдалана алышты?

-Негизинен бир жыл тегеретип караганыбызда 2 миндей адам колдоно алат деп айта алабыз.

Маегиңиз үчүн чоң ыракмат!

Эркинбек Өкүмалиев, Нурдин Аманкан

Эл деми

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

шестнадцать + 10 =