Асланбек САРТБАЕВ, “Азия news” гезитинин башкы редактору: «Эмнеге сөз эркиндиги жок? Бар!..»

0
564

-Эмнеге сөз эркиндиги жок? Бар! Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда Кудайга шүгүр, биз эркин түрдө оюбузду айтып, жарыялай алабыз. Ал эми сөз эркиндиги жагынан соттук процесстер менен кысуу болуп атканы башка маселе. Басылмаларда эркиндик болгону үчүн Дайыр Орунбеков менен Уран Ботобеков айып пулга жыгылып атат. Албетте, бул көрүнүш аянычтуу. Менин да башыман өткөн. 2009-жылы Алмаз Атамбаев Президенттик шайлоодо өтпөй калып, аны колдогон мени Бакиевдик система сотко берип, 3 миллион сомго утулуп, сот аткаруучулар үй-мүлкүмдү тизмектегенге чейин барышкан. Бирок, илинген эмесмин, бүгүнкү күнгө чейин өзүмө эч кандай мүлк катталбайт да. Дагы бир жагдай, өткөн режим Сыргак Абдылдаевди бычактап, Павлюкту Алматыдан өлтүрүп салганы маалым. Бүгүнкү күнгө чейин Бакиев бийликте турганда, ким билет? Дагы кимдердин башы садага чабылып кетерин… Бирок, биз эски калдыктарды унутпай, бүгүнкү күнгө өрнөк кылып, жаңылануу, таза жолго баш урушубуз керек. Сөз эркиндигин өнүктүрсөк, мамлекет жана коом өнүгөт. Биз бул жагдайда сөзсүз салым кошобуз…

Эл деми

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

восемнадцать + 4 =