“Ата Мекен” партиясынын кызыктары алдыда окшойт

0
390

“Баягы эле, партиялар, баягы эле жүздөр”-деп шукшунганыбыз менен эски карт саясий жолунда Текебаев баштаган “Ата Мекен” партиясы алдыдагы аламан жарышта чаң чыгарчудай эле болуп турат. Жакында өздөрүнүн сьездин өткөрдү. Адилеттик үчүн айтып коелу, башка партиялардан айрымаланып, алар ачык асман алдында жыйын кылышты. Элге жакындыгын көрсөткөндөй болду. Болбосо, башка партиялар баягы эле обондор, баягы эле кафе, ресторандарды тандап “кымбат” партиялар экенин гана көрсөтүштү. Эл ошону жактырмак беле? Эт, тамактан ээндей албаганыбызды  эске салышты.

Кызыктын экинчиси, Текебаев коомдук көз карашты сыйлап, эске алып өздөрүнүн амбицияларын жыйыштырып, алдыга жаштарды кое беришти. Бир топ кыйын жаштарды бул партиянын катарынан көрүүгө болот. Айрыкча акыркы кездерди саясий айдыңдан көрүнбөй, бирок система менен күрөшүп келе жаткан жаштарды. Ушул кезде тар чөйрөдө “атамекендин арасынан жаңы Катани чыгат экен”-дегендей сөздөр жүрүүдө. Бул ким болушу мүмкүн десеңер, узун кулактык кылып укканыбыз боюнча аталган партиянын 30-тизмесинен орун алган Бектур Айнабаев аттуу жигит тууралуу сөз болуп жаткан экен. Ал буга чейин бажы тармагынын бир топ жеринде кызмат аркалап, далай ирээт өлкөнү өргө сүйрөгөндөрдүн сары изине чөп салып, миллиондогон акчаларды мамлекеттин казынасына кайтарткан экен. Байлык топтобогон, арты таза ал азамат, эч нерседен тартынбай өлкөнү эмнелер өргө сүйрөтпөй жатканын ачык айтып, жаштарга дем күч болуп берсе, анда чын эле “Жаңы Катанинин” пайда болуп калышы арсар эмес. Ушул кезде бажы жөнүндө баш ооруткан сөздөр жүрүп жаткан кезде, чындап эле аны колдоп кетчүлөр четинен чыкса керек. Алдыда арбын окуялар бай болот окшойт. Күтө туралы, өзүнүн жүзү менен да чыгаар. Баса, ал дагы Таластын кулуну экендиги белгилүү болду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четырнадцать + 15 =