Ат кошчу Асхат Молдобаев деген ким?

0
60

 

Бүгүн Темир жолу ишканасынын айланасында коррупциянын тоодой томдору ачылып, мамлекетке маанилүү акча алып келе турган тармактын жугумдуулугу жогорулаганы турат окшойт. Кыргызстандын соода-сатык, тышкы экономикалык байланышынын күрөө тамыры болгон Кыргыз Темир Жол ишканасынын баасы буга чейин билинбей келген. Эми коррупцияга каршы катуу кылтак жайылганы, бул мекеменин  баасы билине баштады. Албетте, коррупциясы көп тармак катары. Ички –тышкы экономикалык байланышты, жолдор, каттамдар түзөөрү бышык. Коңшулар менен эң алдыңкы соода-сатык карым-катнаш, товар ташуу дал ушул Темир жол аркылуу жүрөөрүн, миллирдаган акчалар ушул жолдордо экенин буга чейин биздин чоңдор билгени менен карапайым калк капарына деле албаса керек. Бир кезде Малабаев, Ногойбаевге окшогон жетекчилер, алганын аш кыла албай жатып, ачкөздүктүн айынан Кыргыз Темир Жолун банкроттук абалга алып келип, “өзүн актабай калды” таризде жеке менчикке өткөрүп жибере жаздашкан. Казынаны кампайтаар, калк ырыскысы болгон бул жайдан, кастарын тиккен ошол Малабаев, Ногойбаевдер беттеринен май тамганга чейин байып, анан ошол жолго түрткөндөрү –бул кыргызга душмандын сырттан издеп кереги жок дегенге тете нерсе. Алар азыр арабызда басып жүрүшөт. Ал тургай, эски майлуу жерине көз артып, өздөрү келе албаса да кол бала болуп берээр Асхат Молдобаев сыяктуу өз адамдарын алып келүүгө аракет кылып жатышканы айтыла баштады. Анда эмне, эл ишенип шайлаган Жапаров башында турган жаңы бийлик деле, эски коррупция схемасынын титандарынын торуна түштүбү?  Айталы, Кыргыз темир жолунда аз убакыт гана иштеп кеткен Асхат Молдобаевди “тажрыйбасы жетишсиз, эски коррупционерлер менен табакташ” катары, бүгүн өз мекемесинин жумушчулары жактырбай жатканына карабай, жетекчи кылса ал жердин эртеңи эмне болот? Чын да. Ар бир келген жетекчини мекеменин жалпы жамааты жактырып, анан калса артында калбыры болбосо, ал жерде жумуш жакшы жүрөт эмеспи. Болбосо, Дашков сыяктуу айдан түшө калгандай адамдар келип, келгенде да өз билгенин кылып, мамлекеттик маанилүү мекемени жеке менчигиндей пайдаланып, акчанын баарын өз колтугуна тыгып, азыркыдай сыртка качып чыга берсе, казынабыз кантип какшыбайт? Муну биз эле эмес, ушул кезде баардык басылмалар жазып, коомчулук айтып да жатышат.

Эми Молдобаев боюнча сөзүбүз кургак болбосунчу. Бул жигит, кадимки   “Кыргызжилкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын экс-директору Кеңешбай Молдобаевдин кара чечекей уулу. Эсиңиздерде болсо,  2012-жылы  ошол кездеги «Кыргызжилкоммунсоюз» директору  Мурат Мурзаев журналистер менен жолугушууда, өзүнөн мурда  кеткен директор Кеңешбай Молдобаевдин көптөгөн финансылык былыктарын айтып чыккан.  “Кызматка дайындалганымдан кийин эсеп палатасынын текшерүүчүлөрүн чакырып, Кеңешбай Молдобаевдин иштеген жылдарын текшерткенимде төбө чачым тик турду”- деген болчу Мурат Мурзаев. Мурзаевдин сөзү боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгы менен 33 миллион 400 миң сомдук көптөгөн товар-материалдык баалуулуктар жетпей калган.  Андан тышкары Майлы-Сууда 520 тонн мазут, жалпы баасы 7 миллион сом, Жалал-Абаддан 800 тонн көмүр, жалпы суммасы 800 миң сом жетпей калганын айтып зар какшаганы эсибизде. (https://knews.kg/2012/01/27/murat-murzaev-u-byivshego-direktora-kyirgyizjilkommunsoyuza-byilo-mnogo-narusheniy/amp/)

Андан көп өтпөй, 2013-жылы дал ушул багытта серепчи Расул Умбеталиев дагы «Кыргызжилкоммунсоюз» ишканасынын директору  мазут майын эки эсе кымбат сатып алып жатканын кабарлаган. Кала берсе, ал тендерге катышкан ОсОО «Эр и Нур», «Новатор транс», «Данди 2», «Мизитек»  фирмалары Молдобаевге окшогон жетекчилерге тиешелүү экендигин белгилеген. (https://24.kg/archive/ru/community/156834-rasul-umbetaliev-gp.html/)

Мына ошол Молдобаев Кеңешбайдын уулу Асхат Молдобаев Кыргыз темир жолунун иш башкармалыгына  жетекчи болуп келет.  Жакшы эле пайда алып келип иштеп жаткан КТЖга тиешелүү “Дыйкан” базары кокустан эле чыгымга учурай баштаган. Айлап кирешеси азайып баштаган соң  “Дыйкан” базарын ижарага берүү маселеси көтөрүлгөн. Ал ЖКга чейин  жеткен. (Ал мафияны да жакында иликтеп чыгабыз) Дал ушул маселени Молдобаев Асхат көтөрүп чыгат. Бул жерде “Дыйкан” базарына барып мониторинг жүргүзгөн комиссиянын оң жыйынтыгы, базардын пайдалуулугу, чыгымдар атайын жасалып, пайда атайын азайтылып жатканы эске алынган эмес. Ошол маалда тез арада “Дыйкан” базарында иштеген Сейтказимов Анарбек «Лагуна Групп» деген фирманы каттоодон өткөзгөн. Ошол кездеги КТЖнын башкы директору Малабаев Аргынбек менен Молдобаев Асхат пайдалуу  базарды өз кишисине, тагыраагы “Лагуна групп” фирмасына берүү үчүн баягы атасынын  тендерлерин утуп жүргөн «Новатор транс» фирмасын да катыштырат. Жыйынтыгында мыйзам бузуу менен “Дыйкан”  базары «Лагуна групп» фирмасына берилет.

Буларды эмне үчүн айтып жатабыз? Кыргызстандын казынасына болуп көрбөгөндөй акчаларды алып келүүчү Кыргыз темир жолу ишканасы, дайымат колу туткак “мафиянын” колуна өтүп кетип жатканы өкүндүрөт. Бул мекеменин айланасында бир топ коррупциялык иштер чыгаары бышык.  Бул сөзүбүздүн башы болуп турсун.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

11 + 3 =