2. АУДИТОР АКЫЛБЕКТИН АНТКОРЛУГУ ЖЕ БОЛОТ ШЕР, ӨМҮРБЕКТЕ  КАЙСЫ АР ДЕЙМ ДА..

0
45

(уландысы)

Акылбек Түмөнбаев Түптө депутаттыка коюуучуда, “Мен коншуларга Каркыраны берүүгө каршы болгону үчүн  Ата-Мекенге ыраазымын” деп эреркеп атты эле. Көрсө анысы кожо көрсүн болуп, элдин кулагынан жүрүп кетүүсү тура. Бул жигит а дей электе эле, эки жүздүүлүк ыкмасын колдонмокчу болуптур. Анысы мындай; Каркыраны коргойбуз болуп, Текебаев, Садырбаев, Болот Шер жана башка кыргыздын ыйык жерине кайдыгер карай албаган көөнүндө намысы барлар Түп айылынын кире беришине жеткенде, жергиликтүү делгендер жумуртка менен согуп, өздөрүн сөгүп, Болот Шерге кол көтөрүшүп “акмакчылык” менен тосуп алышат. Тартылып алынган камерада ошол Арал айыл өкмөтүнө караштуу айылдарынын ажаан аялдары жүрдү. Үйрөтүлгөн сөздөрү менен үрүштү. Бир топ айыл өкмөт башчылары жумурткасын, дежурларын, ажаандарын ала барышканы азыркыга чейин аңыз болуп эл оозунан түшпөйт. Аны Акылбек жакшы билет, бирок анын Каркырага күйгөнү кайсы, аңызга айлангандарды алкаганы кайсы… кечээ сага муш көтөргөндөрдүн башына күн түшүп калыптыр, Чоң Кеңеште отурган Чачы улуу бир айыл өкмөткө сөөмөй кезептир болуп, Акылбек Болот Шерге келгендерди коштоп “кызыл байрак” кеңсесинин астанасын атташат. Шердин шерлигине шек кеткенби, же акчабек, тоюс Акыл Бектин “сүймөнчүктү жүзү”жүзүн тайдырдыбы, ошол Чачы Улууну кызыл килемдин үстүнө бастырат. Узак жол басып келгендер; эмнеге биздин уруксатсыз Чоң Жыйында биздин Чоң Башыбызды кичи кылды. Отуз жылдап отун жарып, орок албаган Чоңубузду пастык иш этти, дешет. Ушинетип, Акыл Бек, Өмүр Бек жана келгендер “жуда жакшы иш эттик” болушуп, эстеликке “чырк” этишет.

Беркилер го мейли, Өмүрбек мыйзамсыз иштери арбын делген айыл өкмөт башчысына эмнеге анча колдоо көргөзүп жүрөт. Кечээ бүгүн ал колдогон айыл өкмөт башчысы Мамытову бүгүн ишинен кетти. Эми аларга Өмүкө заң жоболорун айтып бергей…

Куу кекиртек жаман болот окшойт, ошондо эки жыл мурун Нышанов алыскы албан элинин өкүлдөрүн ала барганда, жайкалган жай айында Ата-Мекендин депутаттарын, фракция мүчөлөрүн, борбордук штабды Акылбек анткорлонуп күйүмүш болгон, тээ айтылуу Каркыра жайлоосунда жараган жылкысын жара тартып коноктогону “кызыл байракчы” кыйындарынын эсинде калса керек.

Ата-Мекен партиясынын 6-чакырылышында Болот Шер башка келе турган кишинин басмайылын бошотуп коюп, оодара салдырып, партиянын мүчөсү болбогон, бирок чөнтөгү толгон Акылбек Түмөнбаевди  ат салышка кое берет. Чыксаң чыктың, чыкпасаң куру калбайсың квотабыздан бөлүшөбүз, сенин бөксөрө тарткан калтаң кампайат таризинде көз ымдап, далыга таптайт. Айтор ушинтип атып эле Түмөнбаев “Ата-Мекендин” сунушу – “Бир Болдун” квотасы менен Эсеп Палатасына бакыйган аудитор болуп отуруп калат. Анан анын убайын коррупциялык иштерге алакасы бар делген Арал айыл өкмөтү башчысын колдоо менен көргөнүн көргөзөт.

Эрнест АБДРАХМАН

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

6 − 1 =