АУЦА президенти ашаа чаап кетти…

0
51

Кыргызстандагы АУЦА нын президенти Эндрю Качинса өзү менен иштеген кош бойлуу кыргыз келинге кыйкырып басынтып, кемсинтиптир. Кош бойлуу келиндин боюнан козголуп ооруканага жаткырылыптыр. Бул жерде аялдын укугу бузулуп жатат. Демейде кыйкырып көчөгө чыккан феминисттер, НПОлор каякта журүшөт? Алардын бирин дагы мындай учурда кыймылдабай олтурушканына коомчулук кыжырдануу менен кабыл алып жатышат. Дагы да болсо журналистер журтчулугу менен коомдук активистер, блогерлер өз ойлорун айтышып, АУЦАнын президентин бир топ тепкиге алышты. Журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу Дональд Луга чара көрүүнү Тышкы иштер министрлигинен өтүндү.

“Кыргызстандагы болуп жаткан кырдаалдар, мамлекеттик органдардын чечимдери, ИИМдин алдына чыккан бей өкмөт уюмдарына каршы чогулган атуулдар боюнча Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирүү кылып, сын айтты.

Ал, мурдатан эле өз көз карашын таӊуулап, биздин мамлекеттин ички ишине аралашып келген. Бир нече жолу ага элчинин ыйгарым укуктарынан тышкары аша чаап жатканы боюнча эскертүүлөр берилген, бирок акылына келген жок. Же, атайын биздин суверендүү өлкөгө үстөмдүгүн сездиргиси келип, басмырлоосун сездирүү кылып жатабы?

Биздин өлкөдө Америкадан тышкары, бир-нече мамлекеттердин элчиси бар. Бирөө дагы Дональд Лу сыяктуу мамлекеттин ички саясатына кийлигишип, мурдун тыкпайт. Жалгыз гана ушул элчи ашкере аралашып алды.

Соттун ишине, укук коргоо органдарынын чечимдерине баа берет. Мисалы, Америкада канча окуялар болуп жатат. Бизге гумандуулукту ушулар үйрөтөбү? Тарыхта адам укугун кордоп, басмырлоо боюнча америкалыктардай эч ким мыкаачылык кылган эмес. Кара терилүүлөрдү адам катарына кошуп калганына аз эле жыл болду, мурда жандыктардан дагы төмөн коюшчу.

Шайлоо болуп, аларда дагы акыйкат издеп, митингге чыккандарды аесуз сабап, атып, камап салды. Биз алардын ички ишине кийлигишпей элебиз го? Качанкыга чейин булар биздин ар-намысыбызга, эгемендигибизге шек келтирип басмырлай берет?!

Айрым улуттарды, этносторду тукум-курут кылган, мамлекеттерди талкалап күлүн көккө сапырган, адамзат кылбаган акмакчылыкты жасаган америкалыктар бизге жашоонун идеалдуулугун үйрөтөбү?

Дональд Лу ушуну менен көп жолу чектен ашты, дипломатиялык алаканы бузуп, ыйгарым укуктарынан ашканы үчүн мамлекет болгон рычагын колдонуп, Дональд Лу боюнча чара көрүшү керек. Тышкы иштер министрлигине кайрылам»-деп билдирүү таратты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

19 + 4 =