Аялдардын 20%ы эмнеге көп аялдуулукка макул? Жашоо чындыгы

0
132
Учурда мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганын талкуулабаган жан жок. Айрымдар анын билдирүүсү боюнча нааразычылыгын билдирүүдө, бирок..
Улуттук статисткалык комитеттин 2015-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын саны 61120га көп

2015-жылдагы маалымат боюнча Кыргызстандын калкынын саны 5 млн 895 миң 62. Алардын ичинен эркектер — 2 млн 916 миң 971, аялдар — 2 млн 986 миң 740.

Кыргызстандын шаарларында жана айылдарында дагы эркектерге салыштырмалуу аялдардын саны көп.

Улуттук статистикалык комитеттин 2017-жылдагы маалыматы боюнча 18 жаштан 64 жашка чейинки адамдардын саны 3 млн. 876 миң 985.

18–64 жаштагы эркектердин саны — 1 млн. 884 миң 916.

18–64 жаштагы аялдардын саны — 1 млн. 992миң 069.

Шаарда 1 млн. 370 миң 764 адам жашаса, алардын ичинен эркектер — 625 миң 300 болсо, аялдар – 745миң 464.

Айылдарда 2 млн. 506 миң 221 адам жашаса, эркектер — 1 млн. 259 миң 616, аялдар — 1 млн. 246 миң 605.

16–57 жаштагы эмгекке жарамдуу аялдардын саны — 1 млн. 776 миң 459, 16–62 жаштагы эркектер — 1 млн. 851 миң 908.

Кыргызстандагы ар бир жетинчи адам жумушчуз. Учурда Лев Толстой көчөсүндө жумуш издеп чыккандардын санын көрүп таң калбай деле калганбыз. Расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 192 200 адам. Бул өлкөдө жумушчуздук 7% дегенди билдирет.

2018-жылы жумушсуздардын саны 7,3%, ал эми 2020-жылга карата бул көрсөткүч дагы көбөйүшү мүмкүн.

Айылдарда эркектер менен аялдар чарба менен алек болуп, жер иштетип келишсе, шаарда абал башкача. Бирок кеп бул тууралуу эмес. Бизди ойго салган суроо жогорку билими бар көптөгөн аялдардын экинчи же үчүнчү аял болуп турмушка чыгуусуна макул болгондугу.

Жумушсуздук күч алып турган маалда иш издөө менен алек болуп жүргөн айымдар жеке жашоосун дагы ирээтке келтирүү менен алек. Көпчүлүк аялдар жеңил жашоо издеп борборго же чет жактарга кетишүүдө. Билими жок аялдар маянасы аз төлөнгөн жумуштарда иштөөгө аргасыз, ошондой эле дипломун сандыкка салып коюп деле ар түрдүү жумушта иштеп жүргөндөр да жок эмес.

Кыргызстанда жашаган ар бир экинчи аялдын күйөөсү жок экени сыр деле эмес жана алар үй-бүлө курууну кыялданып келишет. Бирок бир нече себептерден улам турмушка чыга албай келишет. Ал себептердин бири биздин эркектердин үй-бүлөнү бакканга даяр эместиги.

Көп аял алуу маселесинин түбү барып экономикалык абалга такалууда. Татыктуу жумуш таба албасына көзү жеткен айымдар башкалардын күйөөлөрүнө көз артып, жашоосун улантып келишет.

Аялдар экинчи болгусу келбегени менен жашоосун курууга аргасыз. Жумуш жок болгону менен күйөөсү бар жана ал камсыз кылыш керек деген психологиялык тушүнүк бар. Ооба, абдан ынгайлуу. Биринчиден мындай “күйөө” “мээңди жебейт”, экинчиден ага кам көрүп, багып, кир-когун жуубай эле коюу керек. Ал эми экинчи аял болсо ал үчүн көңүл ачуу. Турмушуна нааразы болгондор мындай кадамга барууга аргасыз. Бирок бул жаңылыш кадам…

Себеби аялдардан айырмаланып эки аял алган эркектер экономикалык маселени деле чечпейт болгону психологиялык жактан өздөрүндө ишеним пайда болуп, кумарын кандырышат. Бизде шейхтер гарем кургудай олиграхтар өлкөсү эмес жана Араб эмираты эмес.

Учурда кыргызстандагы орточо айлык 14 миң сомдон бир аз көп. Чыгымдарды алып салганда 5 миңге жетпеген эле акча колуңда калат. Ал эми адам болгон соң кафеге, киного, жолугушууга баргың келет эмеспи. Бирок ага акча жетпейт. Аны кайдан алыш керек? Тигүүчү цехтеринде эртеден кечке чейин иштешип, кечинде келип керебетке кулап, эптеп эс алгандар да жок эмес. Эч кандай жеке жашоо, жолугушуу тууралуу ойлонууга убакыт да жок. Жеке сектордо болсо эмгек шарттары өтө начар. Официант болгондор деле кыйратып акча табышпайт.

Эмне кылуу керек? Жаштардан майнап чыкпайт, алар өз айласын таппай жүрүшөт. Эң жакшы вариант башкалардын эсебинен жашоо. Муну аялдар моюнга алгылары келбейт, өлкөдө аялдар көп деп өздөрүн актагылары келет. Ал эми эркектерге бул майдай эле жагат. Айрымдары статусу үчүн, кээ бирлери мактаныш үчүн аял алышат. Ал эми Чубак ажыга окшогондор динге шылтап отурушат.

Бул жерде диндеги нерселерди да айта кетпесек болбос! Мухаммед пайгамбар (САВ) өзүнөн 15 жаш улуу аялга үйлөнүп, аны камсыз кылып, бакканы менен ага аял катары тийген эмес. Ал эми биздин аалымдар болсо өздөрүнүн каалоолорун динге жамынып аткарып жатышкандай. Эмнеге алар пайгамбардай болуп жалгыз бой аялдарга үйлөнүп, бирок аларга тийбей койбойт?

Кыргыз аялдары өзүн сыйлабайт деп айткандан алысмын, себеби айрым учурларда тагдырдын тамашасына баш ийүүдөн башка айла жок.

Эсиңиздерде болсун ар бир аял, ар бир айым жалгыз жана кайталангыс! Бул жерде эркектер үй-бүлөсүнө шек келтирип жатат.

Кадырлуу карылык менен камсыз кылбаган өлкөдө көп аялдуулук тууралуу сөз болуусу мүмкүнбү?

Учурда ишкерликтин өнугүп жатканы жана эмгек миграциясы социалдык-экономикалык абалды кармап тургандай, бирок бул абал канчага чейин созулат?

Мамлекеттик институттар азыртадан ойлонуп, алгачкы белгилерге көңул буруулары кажет, болбосо эртең башка өлкөгө айланып калышыбыз толук ыктымал.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

16 − тринадцать =