Кечээтен бери Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбековду УКМК кармап кетип, маалымат бербей жатышат деген маалымат тараган эле. Эсиңиздерде болсо, 26-ноябрда «Альянс» фракциясынын депутаттары Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев коңшу өлкөгө чыгып баратканда «Ак-Жол» чек ара бекетинен Жамгырчиевди өткөрбөй, ага мамлекеттен чыгууга тыюу салынганын айтышкан. Ал бир нече убактан кийин бошотулган. Бул окуядан кийин эле депутат Эльвира Сурабалдиева Айдарбековдун жок болуп жатканын айтып чыккан.
УКМК Сурабалдиеванын маалыматтарын төгүндөдү. УКМКнын маалыматына ылайык, Айдарбеков чек арадан Казакстанга өтүп кеткен. Бул дагы так малыматпы же жалганбы Айдарбековдун өзү маалымат берип чыкмайын бушайман боло берет окшойбуз.