А.Салянованын инисин Улан Саляновду атып кетишти

0
135

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууган инисин белгисиз адамдар атып кетишти. Мындай маалыматты депутаттын жактоочусу Улан Жумаков социалдык баракчасына жазып чыкты.

Окуя 6-ноябрда түнкү 2лер чамасында Бишкектин Көк-Жар конушунда болгон. Анда Улан Саляновдун үйүнө белгисиз адамдар кирип келип, аны атып кетишкен. Мунун кесепетинен Салянованын бир тууганы ошол жерде каза тапкан.

Ал жерде учурда Чүйдүн Аламүдүн райондук жана Бишкектин Октябрь райондук тергөө топтору иштеп жатышат. Кол салуу учурунда Саляновдун жанында болгон жубайы, балдары көрсөтмө беришүүдө.

Кошумчалай кетсек, депутат Аида Саляновага 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган» деген айып коюлуп, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечими чыккан. Салянова муну саясий куугунтук деп баалап келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

девять + четырнадцать =