«Байкуш»   Мураталиевдер

0
1442

Таласта ушул кезде Жерүй кенинин айланасында жүрүп жаткан ар кандай нааразычылыктар элди күн санап күүгө салып, “кендин кереги жок, пайдасын карапайым эл көрбөсө, бир ууч адилетсиз алкымдуу бийлик жыргаса” деген менен коштолуп баратканы байкалат. Буга кендеги кыргыз тараптын кызыкчылыгы каралбаган келишимдер, экологиялык чечилбеген маселелер, анан калса жергиликтүү бийликтин адилетсиз иш аракеттери да себеп болуп жатса керек. Айталы, Жерүй кенине жумушка алуу тартиби карапайым, колунда жок аялуу катмардан баштап кабыл алуу керек экенин баары эле билсе керек.     Дал ушундай учурда өкмөттүн облустагы өкүлү  Марат Мураталиев өз келинин кендеги бакыйган бир кызматка коюп алганы, көптөн бери эле эл арасында нааразычылык менен айтылып келе жаткан экен.  Анан да Мураталиев элге сүйлөгөндө «жашоо-турмушу оор, колунда жок катмарды ишке орноштуруп жатабыз» дегенин кантесиң.  Демек, областын мурунку губернатору Байымбет Мураталиев, анын уулу, азыркы губернатор Марат Мураталиевдер колунда жок аялуу катмар экен да. Таппасаң сыйпалап кал! Ошол эле маалда кенедей тыйынга зар болуп, бала-чакасын бага албай кыйналып жүргөн таластык келиндер канча дейсиз. Жерүй кенине ошолор орношуп, олчойгон эмгек акыны ошолор алса, кудайга жагаар иш болот эле го. Муну уккан жергиликтуу эл «бир эмес эки Мураталиев облуска губернатор болуп, алиге тоюнбаса, анда ошол келини Жерүйдөн алган акча менен жыртыгын бүтөп алышсын” деп жерге түкүрүп жатышканын ошол кенде иштеп жатышкан жумушчулар калп деттирбес. Жерүйгө булардын кылган кыянаттыгы ат көтөргүс дешет, жергиликтүүлөр. Калк айтса, калп айтпайт эмеспи. Кези келсе, андай “алкымдуу” окуяларынан каза катар кабарлап турабыз.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

20 + 1 =