Бакир уулунун балитикасы, “заказ» беле?

0
24

 

Картайган кайсыл кара теке сүзүп жибергенин ким билсин, шайлоо башталбай жатып  ушул Турсунбай Бакир уулунун жоруктары көптөрдү таң калтырып олтурат. Канчалык кадыры калганы деле белгисиз, бирок саясий дымактарын бир топ көрсөткөн саясатчы катары ушул шайлоодо көрүнө турган болду. “Адахан акча сурады” деген ажыкебиздин айгайы азыр деле бүтө элек. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан БШКда утулуп, бирото куулган ажыкебиз эми БШКны сотко берүүнү көздөп жатат. Берүүнүн максаты баягы эле тизме.

Ал Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылат. Мурунку акыйкатчы Адахан Мадумаров жана партия менен сот ишин баштабайт. Кызыгы буга чейин Бакир уулу жакшы эле Адаханга жабышып, партиясынын катарынан орун алган эле. Бир туруп акча сурады деп, бир туруп тизмедеги алешемдиктерди айтып, айтор Адаханды эле аут кетирүү аракети менен болуп жаткандай болду. Бийлик үчүн Мадумаровго окшогон саясатчылардын кереги жок эмеспи. Шайлоонун кийинки күндөрүндө адилетсиздикти айтып айгай салса Адахан салат эмеспи. Анан ошондой кишини улам эле бирөө “кытыгылап” жатса, саясий “заказ” эмеспи деген да ой келет экен.

Учурда бүтүнчүлөр Ала-Тоо аянтында адилеттик издеп турат. Аларды колдогон тараптын көп экенин айта кетели.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

одиннадцать − 1 =