Бакыт Жумабеков: Жерүй кенинде иштеген ишкана мыйзамды одоно бузган

0
119

Жумабеков Бакыт Эсенбекович 1975-жылы туулган. 1990- 1994-жылдары Жамбыл шаарындагы зооветеринария техникумунда окуган. 1994-2001-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинен билимин улантып, бухгалтердик эсеп жана аудит адистигине ээ болгон.

2002-жылдан тартып 2009-жылга чейин Талас шаардык социалдык коргоо башкармалыгында адис, башкы адис болуп иштеген. 2009-2001-жылдары ӨКМдин Талас облустук башкармалыгында Талас райондук бөлүмү боюнча башкы адиси болуп иштеген. 2011-2016-жылдары Талас шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгында үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, кийин «Кыргыз жол курулуш» ишканасында  кампа башчы, диспетчер-нормировшик кызматын аркалаган. Беш ай Талас райондук мкамлекеттик администрациясында социалдык сектордук башчы болуп эмгектенген. 2018-жылдан бери профсоюздардын Талас облустук Кеңешинде техникалык инспектор болуп иштеп келүүдө.

-Бакыт мырза, профсоюз эмгекчилердин укуктарын коргоодо пассивдүү мүнөздө деген коомдо пикир бар. Бирок соңку учурда сиздердин иште жандануу байкалат. Мисалы алтын кенинде иштеген ири ишканалардагы кызматкерлердин укуктарын коргоп жатасыздар?

-Талас районунда жайгашкан «Жерүй» кенинде подрядчик болуп иштеген, Казакстан Республикасында түзүлгөн ТОО «Инжиниринг групп» ишканасы алтын ылгоочу фабриканы курушту. Бирок бул ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлабасын көрсөтүшкөнү маалым болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнө, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Талас облустук башкармалыгына, Талас облустук прокуратурасына жана Профсоюздардын Талас облустук кеңешине ТОО «Инжирининг групп» ишканасына электрик болуп иштеген Суранчиев Бактияр эмгектик укугу бузулгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы Өкүлчүлүгү, Талас облустук прокуратурасы арызды Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Талас облустук башкармалыгына жөнөтүп коюшкан. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Талас облустук башкармалыгы жана профсоюздардын Талас облустук кеңеши менен биргеликте текшергенде мыйзам бузуулар аныкталган.

Мисалга алсак, Бактияр менен эмгек келишимин түзгөндө, бир жылга датасын көрсөтүшкөн, бирок ошол эле келишимде «До завершении работы» деп турат. Жумуш бүтө элек болсо да, келишимдин мөөнөтү бүттү деген шылтоо менен аны жумуштан бошотушкан. Эмгек кодексинин 55-статьясын бузушуп,бардык жумушчулар менен мөөнөттүү эмгек келишимин түзүшкөн. Ал эми мөөнөттүү эмгек келишими менен иштеген адам жеңилдиктерди жана кепилдиктерди алуу укугунан ажырайт. Бактыяр Суранчиевди жумуштан кетирүүнүн эң негизги себеби, коллективде профсоюз уюмун түзүп, профсоюздардын Талас облустук кеңешине мүчөлүккө кирип, эмгекчилердин укугун коргоо багытында иш алып баргандыгында. Эмгек келишиминин негизинде, вахталык усул менен менен суткасына 11 сааттан, 15 күн жалпы бир айда 165 саат жумуш иштеп келишкен. “Фабриканы курууда артта калып жатабыз, ошол себептен, 15 күн эмес, 20 күн иштейбиз, табелге 8 саат деп жазабыз,бирок 11 саат иштейсиңер, ошол эле айлыкты аласыңар” дегенде Бактыяр Суранчиев каршы чыккан. Себеби эмгек убактысы 220 саатты түзүп, 55 саат же 5 күн ашыкча бекер иштеп берүү деген сөз. Мыйзамга ылайык, профсоюз уюмунун төрагасын жумуштан кетирүү, жогору турган профсоюз уюмунун уруксаты менен гана ишке ашырылышы керек эле. ТОО «Инжирининг групп» ишканасы профсоюз уюмун түзүүгө бут тосуп, бир нече жолу кат жөнөткөнүбүзгө карабай “профсоюз уюмунун түзүлгөнүн уккан эмеспиз, бизде андай маалымат жок” деп танып жатышат.

Профсоюздардын Талас облустук кеңеши Суранчиев Бахтиярдын кызыкчылыгын коргоп, ишкананын юридикалык дареги боюнча Кара-Буура райондук сотуна кайрылганбыз. Тилекке каршы сот Тажибаева Тахмина сот процессин мыйзам бузуу менен алып барып, биздин дооматтарыбызга көңүл бурбай, ТОО «Инжирининг групп» ишканасынын пайдасына чечим чыгарган. Биз кайрадан аппелияциялык арыз менен Талас облустук сотуна кайрылып, биринчи инстанциядагы соттун чечимин буздуруп, кайрадан кароого жетиштик. Азыркы учурда биринчи инстанцияда кайрадан кароодо турат.

-Сиздер коомчулукка да аталган ишкана жумушчу, кызматкерлерге эмгек акы төлөөдө мыйзамсыздыкка жол беришкени тууралуу маалыматтарды айтты элеңиздер?

— Тагыраак айтканда ТОО «Инжирининг групп» ишканасы эмгек акыларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-июль 2009-жылдагы №425 токтомуна ылайык, 1,2 коэффициент менен төлөп келишкен. Бул токтом бийик тоолуу калктуу пункттарда жашап жана иштеп жаткан мамлекеттик кызматчылар, мугалимдер, медицина кызматкерлерине айлык акы, жашоочуларга пенсия жана пособия төлөөдө мамлекеттик гарантия катары колдонулат. Ал эми  алтын өндүрүүдө иштеген ишканалар үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.1995-жылдагы №203 токтомунун негизинде, райондук коэффициент 2,0 болушу керек эле. Бул деген эмнени билдирет, мисал катары айтсак  50000 сом бир айлык оклад болсо 1,2 коэффициент менен 60000 сом төлөп келген. 50000 сом оклад Х 2,0 коэффициент менен 100000 сом болушу керек эле. Ошондо 100000 сом -60000 сомдон айырмасы 40000 сом келип чыгат. Кызматкер  бир жылда 48000 сом албай калып жатат. Бул ишканада баш аягы 400-500 адам иштегендиги айтылып жүрөт. 400Х48000 сом болсо, бир жылда 192 000 000 сомго жумушчулар алданууда. Ал эми ушул эле суммадан алганда, салык жана социалдык төлөмдөр үчүн, 71 520 000  сом төлөнбөй калган. Биз бир эле  ишкананы айтып жатабыз. Райондук коэффициенттен эле 80% же болбосо айлык акынын 40% пайызын төлөбөй жатат, бул өз учурунда социалдык төлөмдөрдү жана салыкты да 40% пайызга аз төлөп, мамлекетке да зыян келүүдө.

«Альянс Алтын» баштаган жана башка  генподрядчик, субподрядчик ишканалардын баарысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.1995-жылдагы №203 токтомунун негизинде, райондук коэффициент 2,0 менен айлык акы төлөшү керек эле.

-Башка ишканаларда абал кандай? Жумушчу кызматкерлердин эмгектик укуктары талаптагыдай сакталганбы?

-«Азия Вотер Билд» ЖЧКсы жумушчулар менен эч кандай келишим түзбөй, буйрук чыгарбай, оозеки келишим менен иштешүүдө. Демек жумушчулардын укугу тебеленип, эртеңки күнү пенсиясына да зыян келтирет. Ошондой эле бюджетти алдоо болот. Бизге ошол ишканада от жаккыч болуп иштеген Ж.Иманалиев, М. Тоялиев аттуу адамдар кайрылган. Алардын айтуусунда, эч себепсиз эле, «болду силер кете берсеңер болот, бошсуңар» деп кууп жиберишкен. «2020-жылы «Байтерек» ресторанында элдик жыйын болгон учурда, «Альянс  Алтын» ЖЧКсынын генералдык директорунун орун басары Осмонов Ойталбек Калыковичке кайрылганыбызда, ошол эле күнү алар кайрадан жумушка чакырылып, иштеп башташкан.

Ушул эле ишканада жумушчу болуп иштеген Самсиев Аскат Уланбекович плита жүктөп жатканда, плита басып калып колун сындырып алган. Бул боюнча эч кандай билдирүү бербей, ооруканада «бытовая травма» деп көрсөтүшкөн. Иштеп жаткан айынын айлыгын толук төлөп,  дарысына 10000 сом берип туруп, өзүн жумушка кайра алган эмес.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Талас облустук башкармалыгы жана Профсоюздардын Талас облустук кеңешинин инспекторлору тарабынан «Азия Вотер Билд» ЖЧКсы текшерилип, өндүрүштө болгон кырсыкты жашыргандыгы үчүн айып пул салынган. Өндүрүштө болгон кырсыкты иликтеп, АКТ Н-1 толтурулган. Ал актыда компенсация төлөп берүү жагы милдеттендирилген. Бирок, ушул мезгилге чейин төлөбөй келүүдө. Бул боюнча сот аркылуу өндүрүүгө мүмкүн экени жабырлануучуга түнүндүрүлгөн.

Биздин байкаганыбыз  «Азия Вотер Билд» ЖЧКсы мыйзам чегинде иш алып барбайт, атап айтсак, жумушчулар менен эмгек келишимдери түзүлбөйт жана укуктары корголбойт. Социалдык төлөмдөр төлөнбөйт. Мен патент менен иштейм дейт. Жеке ишкер болбогондон кийин, ыктярдууу патент ала албайт, милдеттүү патент алган адам өзүнүн жумушчуларына 17,25% жумуш берүүчү тарабынан, 10% жумушчунун айлык акысынан социалдык фондго 10% киреше салык которушу керек. Бирок, бул иштер аткарылбай келүүдө.

«Ширальджин голд майнинг» ЖЧКсы иштетип жаткан Шыралжын кенинде да адам өлүмдөрү катталган. Былтыр Жаныбеков Максат аттуу жаран машинанын рулуна ээ  боло албай жолдон чыгып кетип, авариядан каза болгон.

Атын атагысы келбеген жумушчулардын айтуусунда, бул ишканага жумушка кирип жатканда, жумушка кабыл алуу тууралуу арыз менен кошо эле кайрадан өз каалоосу менен жумуштан бошотуу тууралуу датасы көрсөтүлбөгөн арыз жаздырып алышат. Жетекчиликке жакпай калса датасын коюп туруп, жумуштан чыгарып жиберишет экен. Профсоюз уюму түзүлгөн дешти бирок, администрация тарабынан түзүлгөндүктөн, булар эч качан жумушчулардын кызыкчылыктарын коргобой эле, жумуш берүүчүнүн кызыкчылыктарын коргошот. Айлык акы төлөө, жумуш нормалары ж.б. маалыматтарды билүү өтө кыйын.

Коммерциялык купуялуулук боюнча мыйзамга ылайык, айлык акы, статистикалык отчёттор эч кандай жашыруун сыр болуп эсептелбейт. Бизде иштеп жаткан ишканалар айлык акы тууралуу бири-бирине айтууга тыюу салышат. Бул жерде, бирдей эле жумушка бирдей акы төлөнбөй, кимдир бирөөгө өйдө же төмөн айлык акы төлөнүшү мүмкүн.

Профсоюз уюму түзүлбөгөн жерде, жумушчулардын укуктары корголбойт. Ишкананын жетекчилери жумушчуларды каалагандай пайдаланып, эч кандай жоопкерчиликти сезишпейт. Профсоюз уюму жок жерде жамааттык келишимдер деген болбойт, себеби жетекчилик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кол коюша турган бул профсоюз уюму.

Кыргыз Республикасынын «Социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, социалдык төлөмдөрдүн төлөнүшүн жана даректүүлүгүн көзөмөлдөөчү коомдук уюм профсоюз уюму болуп саналат.

-Бакыт мырза, маанилүү маегиңизге ырахмат..

 Козубек ИМАНКУЛОВ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

три × 4 =