Кээ бир ЖК депутаттары эмне айтаарын, эл үчүн кандай орундуу маселелерди көтөрүү керектигин деле билбей калды. Сыягы, мамлекетибизде дүйнөлүк кризистин жел аргысына карабай мыкты иштер, жакшы көрсөткүчтөр болуп жатканынан окшойт.
Кечээ депутат Балбак Түлөбаев комитет жыйынында өкмөт башы Акылбек Жапаров менен калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун дарегине эбак эле ал маселенин майын чыгара чечип койгон ишти жандантып айтып чыкты. А мүмкүн акыл-дарамети анчалыкка жетпеген кайран киши, ушундан утуш алып, өзүн пиар кылгысы келдиби?
Анда Түлөбаев шаардагы ыш маселесине кайрылып, жаңы курулуштардагы турак-жайлар кышкы от жагууда көмүргө өткөрүлүшүш керектигин, Кара-Кече көмүрүн Бишкекке алып келүүгө тыюу салып, таза көмүр гана ташылышы зарылдыгын жана үйлөрдү газдаштыруу дагы керектигин айтыптыр.
Эсиңиздерде болсо, өткөн жылы эле калаага жаңы мэр болуп келген Эмилбек Абдыкадыров өзүнүн алдыдагы артыкчылыктуу иштеринин бири катары шаардагы ыш маселесин чечүүдөгү кадамдары катары конуштарды газдаштыруу жана Кара-Кече көмүрүнөн борбор шаары баш тартуу керектигин айтып, аны алдыда чечүү жолдорун карамакчы болгон. Айтканына турган калаа жетекчиси кыш күндөрү эле Газпромдун Кыргызстандагы өкүлү Болот Абилдаев менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен шаарыбыздагы бир канча конуштарды газдаштырууну ишке ашырганы жатканы айтылган. Шаардагы 47 конуш бар болсо, анын 27 конушунда иштер жүрүп жатыптыр. Андан көп өтпөй эле Бишкек шаарындагы көмүр менен иштетилип келген 22 мекеменин от казандары (печкаларын) газ от казандарына өткөрүү жолго коюлуп, ал турсун от казандар сатылып келинип Бишкек жалуулук борборуна жайгаштырылганын дагы көргөн жайыбыз бар. Ушул эле ыштын маселесин чечүү үчүн дагы бир жолу катары шаардагы автобустарды газ менен иштеген автобустарга алмаштыруу болуп, быйыл шаарга 120 газ моторлуу автобустар келди. Бул сөздөн ишке өтүүнүн эң эле кыска убактысы болсо керек. 1-мартта калаа башчысынын бир жылдык отчету “Кабар” маалыматтык агентигинде берилип анда мэр өткөн жылы сөз кылып пландагандай өкмөт башы менен макулдашылган соң быйыл Бишкек шаары Кара-Кече көмүр кенинен баш тартып жатышкандыктарын айткан. Анда эмнеге акылдуусунган Балбак Түлөбаев түшүнөн чоочугандай бул маселелерди кайра козгоп, ушул иштерди кылбасак болбойт деп жатат?
Баса, эң кубанычтуусу шаарыбыздын эң көйгөйү, 30 жылдан бери экологиялык жактан чоң маселе жаратып келген мусор полигонундагы түтүн өчүрүлүп, буйруса шаар калдыктарын иштетүүчү заводдун курулушу да башталыптыр. Бул жакшы ише азыркы бийлик менен шаар мэринин аты тарыхта калчудай эле болот. Арабанын алдына түшпөй кое туралы, бул долбоор ишке ышырылып, шаарыбыздагы калдыктар калбай, Чехтердин заводу чеке тердетип иштеп баштаса аны эл өзү деле айтып чыгаар.
Мэриянын аппарат жетекчиси, кийин мэр болгон Балбай Түлөбаев өз кезегинде мына ушундай маселелерди чечмек турсун, ооз ачып койгонун деле уккан эмеспиз. Же уккандар барбы?
Бул Балбак Түлөбаев же маалыматтардан артта калган же көнүп, ошондон ырахат алып келген куру пиарлары аркылуу коомчулукка “өлүп” бараткан кадыр баркын көтөрүүнү көздөп, “өкмөт менен мэрге мен айткам” амалын көрүп жаткандагысы окшойт.
А бир кездеги мэриянын бюджетин 10 млрдга чыгарам деп, болгон бош жердин баарын сатыкка коюп, бирок андан 9 млрдан араң ашырган Балбак сыяктуу депутаттар, ЖКнын эркин трибунасында каалаган жагын карап, кааласа талтайып, кааласа балпайып сүйлөй бергенинен азыр эч ким деле жыйынтык чыгарбай калса керек.