Балбак неге бапылдайт. Арты куушпу?

0
75

 

Ооба, Балбак Түлөбаевдин аты акыркы эки-үч жылда саясий чөйрөдө чыга баштады. Ага өзүнүн «пиарчылык» активдүүлүгү чоң роль ойноду. Ушул кездеги турмуш талабы-бул социалдык түйүндөрдөгү өзүн-өзү пиарлоо жүрүштөр көп учурда коомдогу ордун дааналап көрсөтүп, кала берсе анын мыкты экенин ашкерелөө ага чоң жолдорду ачып коюуда. Балбак мырза деле мына ушул  “пиарчы” даңгыр жолунан өсүп чыккан, акыркы мезгилдин саясий дымактууларынын бири десек аша чаппайбыз.

Ал бүгүн ЖКнын депутаты. Буга чейин шаар бийлигин жетектеген. Орду облуска чейин жетти.  Бул чоң бийлик бутактарына барып калууга деле Балбак мырзанын соц тармактагы активдүүлүгү, жеке өзүн пиарлоосу жол ачты окшойт. Окшойт эмес, ошондой эле болду. Кызматтарда көпкө кармалып тура албайт деле.

Бишкек шаарынын аппарат башчысы болуп турган кезден баштап  курулай дымак көрсөтүп, шаарды оңдоонун оңтойсуз жолдорун ооз учу менен сайрап, ордунан жылгыс иштердин капканында кала берди. Болбосо, алар шаарды башкарып турганда ооз толо мактай турган деле эч нерсени көрө алган жокпуз. Бирок, Балбак мырзанын бапылдак  пиар сөздөрүндө экинчи Сингапур шаары болчу. Кана эми?

Депутат катары азыр да активдүү. Элдин энчисине байланыштуу маселелерди айткан  болгону менен каалга артында дайымат эле бийликке ыктаган, алардын ЖК дагы жарчысындай , жанталашып жатканын гана көрүүгө болот. Өзгөчө бийликтин камчысын чапканда, катыгүн жаныңды коерго жер таппайсың. Буга мүмкүн, Балбак мырзанын оңой эмес, оор иштери түрткү болуп жаткан окшобойбу?  Анын 0,59 га жерге байланыштуу чатак иштери, ячейкадагы акчаларды жымыруу сыяктуу коомчулукта айтылып келе жаткан былыктары, Балбак мырзаны өзүн пиярлоого эмес, эми жогорку жактын «пиарчысы» болууга мажбур кылды өңдөнөт.

Камырабаган Түлөбаев, кошоматчылык жортуулдарын коомдо түрдүү сындап жатканын: «мени кошоматчы деп жатышат» — деп өзү да моюндады. Калк айтса, калп айтпасын кайдан билсин. Кара жер муштап, кайра эле калыбынан жазган жок.

Эмнеси болсо да өзүн пиарлоо менен эрезеге жетем деген «эргул» бүгүн, ошол эмгектеринин үзүрүн көрүп, прокуратуранын кылтагынан кутулганы менен коомчулукта «кошоматчы» атка конуп, тарыхый изин булгап отурат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

шестнадцать − восемь =