Ушул тапта өлкө боюнча административдик – аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча алгылыктуу иш аракеттер жүрүп жатат. Жакында президент Садыр Жапаров бул иштердин өтөсүнө чыгуу боюнча тапшырмаларды коюп, буга чейин Нарын, Ысык-Көл облустарында жүргүзүлүп жатканын айткан болчу. Жакында Чолпон — Ата шаарында Министрлер кабинетинин төрагалыгы алдында баардык региондордун тийиштүү жетекчилеринин катышуусу менен аталган реформаны бекемдөө максатында уюштурулган жыйын болгон.
Бүгүн социалдык баракчаларда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров мэриянын жыйынында дал ушул административдик-аймактык реформаны Бишкек шаарынын аймагында ишке ашыруу боюнча алдыда боло туран пландары туурасында айткан видеосу тарады. Анда мэр, калаа бийлигин элге жакындатуу керектигин, баардык чыгаша-киреше булактарын эл өз көзөмөлүнө алуусу зарылдыгын айткан.
“Менин алган айлыгым, чыгымдаган бензиним жана башка баардык чыгымдар менен бирге киреше булактарын мэриянын алдына ачык илип коюшубуз керек. Эл баарын өз көздөрү менен көрүп турсун. Ошондо элдердин бийликке болгон ишеними жогорулап, кызматташтык артат. Инвестиция келет. Шаар ичине өз каражаты менен бир нерселерди куруп берүүгө ички инвестиция жанданат. Мындай ачыктык кадамдар ар бир акимчиликтерде дагы ишке ашырылыш керек”-деген мэр ал видеодо.
Бул чынында эле мактоого арзый турган кадамдар экенин айта кеткенибиз оң. Мэрдин шаар бийлигин реформалоо максатынын эң башкы өзөгү ушул жерде жаткан сыяктуу. Эгер шаар үчүн колдонулуп жаткан акча каражаттар түз өз максатына жеткен болсо, бийлик элге жакын болгон болсо, башканын эмне кереги бар эле? Бали, мэр!