Барпы театрынын кызматкерлери ийгиликке жетти

0
205

Бишкек шаарында 11-июндан 15-июнга чейин кыргыз эл акыны, драматург жана жазуучу Жалил Садыковдун 85 жылдык юбилейине карата 9-Республикалык театралдык фестиваль  өткөрүлдү. Ага республикадагы мыкты делген 11 театр өздөрүнүн спектаклдери менен катышты. Анда Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрына “Эң мыкты стенография” наамы берилди. Бул тууралуу аталган театрдын адабий бөлүм башчысы Айгерим Дүйшө кызы билдирди.

Анын айтымында, япон драматургу Дзюндзи Киноситанын “Каркыранын канаты” спектаклин театрдын эмгек жамааты койгон. “Эң мыкты стенография” наамынан сырткары спектаклде терс каарман Содонун ролун аткарган Адыл Абдивахитовго эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

три × три =