“Бейөкмөт уюмдары кыргыздын менталитетин түздөн-түз бузуп жатышат”

0
584

Турсунбай Бакир уулу, ЖКнын депутаты:

Кыргызстандагы БӨУдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө үчүн мыйзам
кабыл алуу керектиги айтылууда. Депутат Турсунбай Бакир уулу менен бул туурасында маек курдук.

– Айрым учурларда, БӨУдары биздин менталитетибизге коошпогон кумсаларды колдоо өңдүү аракеттерди кылып жатканы белгилүү.

– Азыркы учурда Кыргызстанда 19 миң БӨУдары болсо, 0,099% саясатташкан же болбосо чагымчылык кылган БӨУдары бар. Мындай БӨУдары түздөн-түз батыштан акча алышат жана Кыргызстанга баш ийбейт. Отчету акча бергендерге гана маалым. Кыргызстанда аларды эч ким текшере алышпайт. Баш сөз менен айтканда Индияда ыйык уйга эч ким тийише албагандай эле, аларга да эч ким тийе албайт. Алар Кыргызстандагы “ыйык уйлар”. Ошол себептен биз мыйзамды жазып, аларды тартипке чакырып атабыз. Ал мыйзамга ылайык жылына канча акча түшүп атат жана ал акча кайда, эмнеге жумшалып жатат, жетекчиси ким, көздөгөн максаты кандай ошолорду мамлекет ачык билүүсү зарыл. Ушулардан соң, чагымчылдык кылып, кандайдыр бир түстүү ыңкылапка алып келээр келбеси билинет. Ошол эле чагымчылар батыштагы баш аламандыкты көрүп келип, бизге ошол башаламандыкты, коомдук тартипсиздикти, сексуалдык боштондукту, үй-бүлөнү, коомду жок кылуу ыкмаларын бизге сунуш кылып атат. Ошол эле сиз айтып жаткан кумсалар боюнча алсак, эзелтен кыргыз элинде кумса деген түшүнүк жок болгон. Ошол жок нерсени Батыш «бар» деп бизге түртүп жатышат. Т. Исмаилова “Мен мусулман геймин” — деген кинону көрсөтпөйсүңөр» — деп канча тополоң кылды. Дагы жакшы, мамлекет туруштук берди. БӨУдары кумсаларды колдоп, алардын артисттерин Кыргызстанга чакырып түнкү клубдарын колдоп жатышат. Кумсалар айтып жатышат, «жакында бир жыныстуулар бир бирибизге үйлөнөбүз» деп. Ушундай абийирсиздикти колдогон БӨУдары Кыргыздын менталитетин түздөн түз бузуп жатышат.

– Демек, БӨУдарына болгон көзөмөл Орусияныкындай катуу болуп калабы?

– Бул мыйзам бир гана Оруссияда эмес, ошол эле Американын өзүндө да бар. Башкача айтканда чоң-чоң ири мамлекеттер өзүнүн коопсуздугун, коомдук адеп ахлакты, элдин тынчтыгын ойлоп ушундай мыйзамдарды киргизген. Кыргызстаныбызга жогорудагы мыйзамды киргизели десек бейөкмөт, Эл аралык уюмдар каршы чыгып жатат. Анткени алардын кожоюндары билгенин кылып көнүп калышкан. Кыргызстан алар үчүн эксперименталдуу мамлекет. Биздин чек аралар ачык. Оруссия, Американын жашыруун күч органдары иштеп жатат. Кыргызтанда тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөй турган күчтүү бир мекеме жок. Биздин чек аранын ачыктыгынан пайдаланып канчалаган тыңчылар, миссионерлер кирип-чыгып атат. Биз аларга эч кандай туруштук бере албай жатабыз. Биз жазган мыйзам аларга туруштук берүүнүн бирден-бир жолу.

– Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда БӨУдардын саны өтө көп экени кооптуу эмеспи?

– БӨУдардын саны 5 миңге жеткенде А. Акаев: “Эгерде Голландия тюльпандардын мекени болсо, Кыргызстан НПОлордун өлкөсү”-деп мактанган эле. Акаевдин учурунан бери төрт эсеге көбөйүштү. Жакшы иштеп жатышса мейли дейсиң, бирок тилекке каршы көптөрү тыңчы болуп, чагымчылдык кылып, түстүү ыңкылапка алып келип жатышпайбы?!

– Тыңчылык, чагымчылдык демекчи, кечээ жакында Д. Тербишалиев өлкөгө тыңчы болуп жаткандар БӨУдары эмес, чиновниктер экенин жана алардын үстүнөн иштеш керектигин айтып чыкты.

– Жалаң бизге каршы чыккан депутаттар БӨУдардан келгендер. Ошол эле Д. Тербишалев, Р, Жээнбеков жана башка. Албетте, өздөрүнүкүн сайрайт да булар. Чиновниктер тыңчы, коррупционер болсо аны камап койсо туугандарынан башка аркасынан ээрчий турган эч ким жок да. Сталин: “адам бар — маселе бар, адам жок — маселе жок”- деп айткандай, бир чиновникти камап койсо бүттү да. Ал эми, БӨУдары чет өлкөдөн каржыланып чоң күч болуп жатпайбы. Алардын артынан чет өлкөлүк батыш элчиликтер, Эл аралык уюмдар, тыңчылар, бузукулар чыгат. Булар уюшкан болуп турушат. Анткени, мамлекеттин алсыздыгын көрүп турушат.

– БӨУдардын жетекчилери: “Кыргызстандын ар тараптан өнүгүүсүнө БӨУдардын салымы чоң, ошол себептен мамлекеттен колдоо керек”-деп айтып келишет.

– БӨУдардын төрайымдары, төрагалары бет тырмарлык кылбай Кудайдан кичине корксо болот эле. Ооба, БӨУдардын чоң пайызы эл үчүн иштеп жатат. Калгандары тыңчынын ролун аткарып жатат.

– Биз ар кандай Эл аралык уюмдарга мүчө болгондуктан, БӨУдарга болгон көзөмөл күчөсө, кандайдыр бир нааразычылыктар жаралбайбы?

– Эң өкүнүчтүүсү — ошол Эл аралык уюмдар биздин мыйзамды окубаганы. Биздин мыйзам кыргызча, орусча жазылат. Эл аралык уюмдар котормону сурайт. Биздин БӨУдар которуп бергенде өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп туруп, бурмалап которуп беришет экен. Ошол себептен алар БӨУдардын ырын сайрап жатышат. Венециялык комиссия Конституциябызды 60 чоң-кичине ката менен басып беришти. Ушуну бизге венециялык комиссия жазып берген. Бул китеп Евросоюздун акчасына чыккан. Ошол Венециялык комиссия 2010-жылдагы Конституция эмес, а 2007-жылдагы Конституцияга таянып бизге акыл үйрөтүп жатат. Мына эми өздөрү уят болуп жатышат. Алар мыйзамыбыздын түп нускасын окушкан эмес. Ошол себептен алардын корутундулары эч нерсеге жарабайт. Ошондой эле Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкенге эч кимдин акысы жок. Биз көз карандысыз мамлекетпиз.

– Д. Ошурахунова жетектеген БӨУда ич ара чыр болуп келет. Келип түшкөн гранттарды максаттуу пайдаланбастан жеке өз кызыкчылыгына жумшаганы тууралуу да айтылып келет.

– БӨУдары тууралуу жазган мыйзамыбыздын бирден бир максаты алардын ишин ачыктап берүү. Ал жаңжалды мен да уккам — үй салып, машина алып, келген акчаны жеке кызыкчылыгын көздөгөнүн. Эми мындан ары булардын бюджети ачык айкын болуп, акча туура пайдалангандыгы тууралуу бухгалтердик-аудит жүргүзүлөт. Андан сырткары адилет министрлиги да көзөмөлдөйт.

Осуят Осмонова


ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

17 + тринадцать =