Беш жылда тамак-ашка болгон баа Орусияныкына теңелет

0
243

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг саясаты башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков  беш жыл аралыгында Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы Орусияныкы жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү баалар менен теңелерин, бирок баалар дароо эле көтөрүлүп кетперин билдирди. 
«Кыргызстандын ЕАЭБге биригиши менен жергиликтүү дыйкандар өз азыктарын чет жактарга экспорттой башташат. Биздин жашылча жана жемиштер эртең эле Орусиянын же Казакстандагы дүкөндөрдө сатыла баштарын айтууга эртелик кылат. Бүгүнкү күндө Орусиянын жана Казакстандын рынокторунда баалар алда канча жогору, ошондуктан кыргыз фермерлери өз продукциясын ошол жакта сатканга аракет жасайт. ЕАЭБге кирүү боюнча Кыргызстандын бир нече преференциялары бар, анын ичинде азык-түлүккө тиешелүүсү дагы. Ал 5 жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында ЕАЭБ чөлкөмүндөгү баалар теңделип калат», — деди Ж. Асылбеков.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

4 × один =