Бизнеске жана жаштар арасында модага айланган кальян

0
2254

Буга чейин жаштардын көпчүлүгү кафе-ресторандарда кальянды көп колдонуп келишсе, эми көл жээгине  барган ар бир эс алуучу бул каражаттан кыя өтүшпөйт. Көл сезонунун бизнесине айланган кальянды мектеп окуучусу Нурбек да кардарлардын талабына ылайык даярдап берип, бир күн ичинде орто эсеп менен 2000 сомдун тегерегинде каражат таап алат.

Анын айтымында, былтыр жүгөрү, балык сатып жүрүп, бир эс алуучу мындай майда-чүйдө тамак-аштан эмес, кальяндан  көп каражат табарын айткан. “Ал эс алуучу мага “1000 сомго кальян алып кел” деген. Тааныштарыман 400 сомго кардардын айтуусу боюнча алма даамданган жана бир чөптүн жыты жыттанган кальянды сатып алып, кайра 1000 сомго саткам. Ортодон  600 сом тапкандан кийин, тамак-аштын ордуна кальян менен иштеп калгам”. Нурбектин сатуучу кесиптештери, кыргыз жаштары айрыкча жаш кыздар кечкисин көл жээгине чогулуп алып, кальян чегип отурганын көнүмүш адатка айланганын айтышты. Мындан улам бул каражатка кардарлардын талабы да, колдонуучулары да көйүүдө дешет. Былтыр көл жээгиндеги кальяндын баасы орто эсеп менен 400 сомдон 1500 сомго чейин болсо, быйыл бир аз кымбаттаган (150-200 сомго).

Жаштар арасында кальян мода болгон

Ал эми, жыл сайын көл жээгине эс алып келген Замирбек кальянды колдонмоюнча эс алуусу көркүнө чыкпарын билдирди. Бир нече досу менен келсе, кальянды үчтөн бир болуп чегишет. “Бул кальян ден соолукка терс таасирин тийгизбейт. Болгону аны колдонгондон кийин көңүлүң тоок болуп жүрөт. Биз мурун атайын кафе-ресторандарга барып, кальян чегип келчүбүз. Азыр болсо көл жээгинде да кальянды жасап, сатып калышыптыр” — дейт эс алуучу Замирбек. Ал 1,5 жылдан бери кальян чегип келет. Башында кальян тартуу жаштардын арасында өзгөчө популярдуу көрүнүш деп эсептеп тартып келген болсо, учурда Замирбек аны тамеки сыяктуу эле колдонуп калгандыгын айтат.

Кальян маселеси унутта калды

Былтыр бийлик өкүлдөрү Кыргызстандагы жаштардын арасында кальян чегүү модага айланып бара жатканын айтып, муну саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана өкмөт көзөмөл кылышы керектигин айтышкан. Жогорку Кеңеште Депутат Дамира Ниязалиева бул маселени кырынан көтөрүп чыгып, кальян колдонууга карата чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаган болчу. Мындан улам коомчулукта кальяндын зыяндуулугу боюнча талаш-тартыш пикирлер айтылып катуу талкууга алынган эле. Эми эл өкүлдөрү көтөргөн жана коомчулук талкуулаган кальян маселеси унутта калып, кальянды колдонуу кафе-ресторандарда гана эмес көл жээгинде да өнүгүп келет.

Ден соолукка көбүрөөк коркунуч келтириши мүмкүн

Адистердин айтуусунда, кальяндын курамында никотин, өпкөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу чөптөр жана ар кандай ароматизаторлор бар. Жөнөкөй тамеки чегүүгө караганда ден соолукка көбүрөөк коркунуч келтириши мүмкүн.  Аны тынымсыз чеккен адам кальянга көз каранды болуп калат. 2014-жылы Казакстанда өткөн изилдөөлөрдүн негизинде кальяндан адамдын ден-соолугуна терс таасир тийгизген заттарды таап чыгышкан. Анда  өпкөнүн, тиштин сезгениши, кургак учук, геппатит, герпес жана башка ооруларды чакыруучу таякчалар жана вирустар бар экендигин аныкташкан. Ал эми Россияда коомдук жайларда кальян чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алышкан.

Ал аркылуу түркүн жугуштуу оорулар жугушу мүмкүн

Интернеттеги айрым маалыматтарга таяна турган болсок, фильтирленген суусу бар узун желим түтүкчөдөн турган аспаптын зыяндуулугу тамекиден жеңил келет. Кальян чеккен адам тамеки чеккенге караганда бир топ көп түтүн жутат. Мисалы, тамеки чеккенде 5-7 мүнөттүн ичинде 0,5-0,6 литр аба түтүн жутса, кальян чеккен адам 100-200 жолу дем алып 13-14 эсе көп түтүндү өпкөсүнө батырат. Каляндын эки чоң зыяны бар. Анын биринчиси, чегип жаткан кишиге караганда жанында отурган киши түтүндү көбүрөөк жутат. Экинчиден, он киши отурса он жолу жыйырма киши отурса жыйырма кишинин оозуна кирип чыккан түтүктөгү шилекей аркылуу түркүн жугуштуу оорулар жугушу мүмкүн.

Айжаз САКИЕВА

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

11 + восемнадцать =