Бийликчил партиянын өкүлдөрү «бет жоктук менен» сөгүнө берсе болобу ?

0
473

Буга чейин КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова менен журналист Үпөл Анаркулованын ортосундагы телефон сүйлөшүүсү боюнча аудио интернетке тараган. Анда эл өкүлү журналистти оозго алгыс  сөздөр менен сөгүп, Анаркулованы коркутканы жазылган.

Анын айтымында, депутат менен сүйлөшүүлөр телефондо толугу менен сакталган.

«Ортодо аза күтүү күнү болуп калды. Жылдыз Мусабекова мага 2 жолу чалган, сүйлөшкөндөрүбүз толугу менен телефондо жазылуу. Учурда айрым журналисттер «Бул кызга пиар керек болуптур деген сыяктуу маалыматтарды жазып жатышат». Мындан улам жакында бардык далилдерди жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайм. Фейсбукка эмнени жазсам, баары телефонумда жазылуу, далилдер болгон үчүн пост жаздым»,  дейт Үпөл Анаркулова.

Буга чейин айтылгандай, чыр жергиликтүү гезиттердин бирине жарыяланган макаладан улам келип чыккан.

«КСДП фракциясынын депутаты айылга «крыша» деген макала жазгам. Гезитке чыккан маалыматтын тактыгын далилдеп бере алам. Коркуткандыгы тууралуу далилдердин негизинде сотко берем, ошондо мен андан эмес, ал менден кечирим сураш керек», — деп кошумчалады журналист.

КСДП фракциясы депутат Жылдыз Мусабекованын аудиожазуудагы айткан сөзүн карап чыгат. Бул тууралуу АКИpress агенттигине фракциянын лидери Иса Өмүркулов билдирген.«Биз таң калып жатабыз. Анын аудиожазуудагы айткан сөзүн фракциянын жыйынында сөзсүз карап чыгабыз», — деди И.Өмүркулов.
Ошондой эле, фракциянын лидери бул окуя боюнча депутат Ж.Мусабекова менен сүйлөшө электигин кошумчалаган.

“Урматтуу КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова! Сиз Үпөл Анаркулованы бетин түздөтүп коём сен кимсиң деп, акарат сөздөр менен сөгүп, он балага салып берем деп коркуттуңуз! Сиз ЖКнын депутаты болсоңуз эле баарына укугуңуз бар деп ойлойсузбу? Үпөл Анаркулова Аксынын кызы! Аксылык жигиттер кызын сизге окшогон деңгээли төмөн депутаттарга кор кылдырбайт! Эгерде Үпөл карындашыбыздын башынан бир тал чач түшсө анда КСДП партиясы күнөөлүү” – дейт жарандык активист Шекербек Камчыбек уулу. 

Учурда аудио жазуу социалдык тармактын колдонуучулары арасында катуу талкууга алынып, депутат айымдын бул кадамы коомчулукту таң калтырды.

КСДПнын ММКлардын үстүнөн жазган миллиондук доо арызы ага өзгөчө ишеним берип жаткан өңдүү, бийлик партиясы баштап берген трендди улантып Мусабекова дагы кабарчыны миллиондоп доого жыгарын айтып коркутканы белгилүү болду. Бийликчил партиянын өкүлдөрү «сасык» сөздөрдү каалагандай айта беришсе болобу ? Мыйзамдуу жүрүм-турумдун үлгүсүн элге биринчи кезекте мыйзам жазгандар өздөрү көрсөтүүгө тийиш. Бийликчил партиянын мүчөлөрү маселени мыйзамдуу жол менен эмес, билген жериӊе арыздан, териӊди сыйрыйм, зордуктатам, бетиӊди түздөп салам деп кара күч менен чечишеби деген суроо туулат.

Эл деми

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

пять + 16 =