Бишкектеги ыштын негизги себеби ТЭЦке байланыштуу…

0
59

Кыштын келиши менен борбор калаанын үстүн каптаган кара түтүндүн айынан социалдык желелерде анын себебин ар кандай божомолдоп келишет. Бул маселе Бишкек мэриясынын алкагында талкууга алынып, ал ЖКга, өкмөткө андан соң президенттин кароосуна чейин жетти. Президент бул маселени комплекстүү чечүү керектигин, мэриянын алкагындагы маселе эмес экенин айтты. ЖКтин талкуусунда Энергетика министри Ибраев ТЭЦтен ашып кетсе 10%га жетпеген эле ыш чыгаарын айткан болчу. Бул деген ТЭЦ ыштын негизгиси эмес дегенди билдирет. Ошентсе да коомчулук баш калаанын каптаган кара түтүндүн негизги себеби Бишкек жылуулук борбору болуп жатканын улам жазып, айтып көргөзүүдө. Түнү менен бургактап чыгып жаткан ТЭЦтеги кара түтүн күн батышты көздөй каптап, ылдыйдан соккон шамал жели менен шаарды аралап кирип келип жатканын чынында эле байкоодобуз.

Албетте, бир эле ТЭЦ шаардагы ышты пайда кылууда дегенден алыспыз. Жеке менчик мончолорго жагылып жаткан көмүр, жеке турак жайларда колдонулуп жаткан көмүрлөр, унаалардан чыккан түтүндөр дагы абанын канчалык бир пайызын булгоодо. Ошентсе да ТЭЦ чындап эле Бишкек шаарындагы ыштын 10%ызын эмес, болбоду деген 30-40% ызын пайда кылаары коомчулук өздөрү тартып жүктөп жаткан сүрөттөрдөн даана көрүүгө болот.

Учурда ТЭЦке  алынып келип жаткан Кар-Кече көмүрүнүн курамы боюнча лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүп, баары ойдогудай деген менен айрым адистер көмүрдүн бышып жетилиши мыкты болсо ТЭЦтен кара түтүн эмес, көк түтүндүн чыгышы керектигин айтышууда. Эсиңиздерде болсо, мурда жылытуу борборлоруна Казакстандын көмүрлөрү жагылып келген. Ал учурда мынчалык ыш маселеси болгон эмес. Борбор калаадагы ыш маселеси качан Кара-Кече көмүрүн жылытууга пайдалангандан баштап пайда болгондугу байкалат. Албетте, өзүбүздүн өндүрүштү, көмүрдү колдонушубуз керек. Ошентсе да шаарды кара түтүнгө чулгабай, министр Таалайбек Ибраев баштаган, эколог Кутманова төштөгөн журт жакшылары бул жагына да көңүл буруп коюулары керек. Болбосо, “кеткиле” деген кулакка сиңип бүткөн “ураан” уралай бериши толук ыктымал.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

пять × три =