Бишкектин бюджети өткөн жылга салыштырмалуу 900 млнго аз

0
60
Бишкек шаарынын 2018-жылга болгон бюджети 7 млрд 934 млн 941 миң сом деп белгиленет. Бул тууралуу шаардык бюджетти талкуулоо үчүн уюшулган коомдук талкууда Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев айтты.

Анын билдирүүсүндө, бул сумма өткөн жылга салыштырмалуу 900 миллионго аз.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макеновдун айтымында, быйылкы жылдын бюджетинин чыгашасы 850 млн сомду түзөт.

Финансы министрлиги биринчи жарым жылдыктын соңунда каражат табылса шаардык бюджетке дагы бөлүнөөрүн билдирет.

Шаардын бюджети социалдык тармакка багытталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

2 × три =