Бишкек мэринин  Араб Эмиратына  болгон иш сапары жемиштүү болду

0
69

 

 

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдын 3-6-июнь аралыгында Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болду.

Сапардын алкагында ал БАЭ өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Алгач, Шейх Мансур ибн Заид Аль Нахайяндын ишенимдүү адамы, K and K Groupтун башкы директору, профессор Тажеддин Сейф менен жолугушуп,  Бишкек шаарынын мэриясы менен Абу-Даби жана Дубай шаарларынын бизнес жана муниципалитеттеринин ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашып, шаарлардын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүүнү тездетүү жөнүндө макулдашышты.

Мындан тышкары мэр  Бишкек шаарынын көп функционалдуу кварталынын концепциясы, темир жолду шаардан сыртка чыгаруу, транспорт маселелери, катуу металдарды жана медициналык калдыктарды кайра иштетүүчү заводдун курулушу, Бишкек шаарында монорельстүү транспорттук системаны түзүү, Карагачева токоюн, Ала-Арча, Аламүдүн дарыясын жакшыртуу, ТЭЦ-2ни реконструкциялоо, Ч.Айтматов проспектисин, Масалиева жана башка көчөлөрдүн боюндагы бульварды жакшыртуу боюнча келечектүү инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды.

Өз кезегинде араб тарап бул долбоорлорду ишке ашырууга катышууга даяр экендигин билдирип, кызматташуунун инвестиция, жеке бизнес тармактары аркылуу кызматташуу жана гранттык жардамдардын бир нече варианттарын сунуштады.

Ошондой эле мэр маалыматтык технологиялар менен алектенген Royal group of Technologies компаниясынын ээлери менен сүйлөшүүгө да жетишти. Бул компания “Акылдуу шаар” долбоорлорун Россия, Казакстан, Өзбекстан, Мексика өлкөлөрүндө ишке ашырган тажрыйбалуу компания. Эки тараптуу сйлшүүлөрдүн жыйынтыгы менен компания Бишкек шаарындагы «Акылдуу шаар» системасына аудит жүргүзүү жана өзүнчө пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү чечими кабыл алынды.

Заводдорду экологиялык жактан таза технологиялар менен курган америкалык “РеМинин Корпорейшн” компаниясынын директору менен жолугушууда  алар тараптан аудит жүргүзүп, комбинатты куруу боюнча коммерциялык сунуш берүү макулдашылды.

Meridian Eco System компаниясынын ээси Дмитрий Агасаров менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, медициналык калдыктарды плазма-химиялык жолу аркылуу жок кылуу, башкача айтканда калдыктарды молекулаларга ажыратуу жолу менен утилдештирүү боюнча заводду куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу  макулдашылды.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

15 − восемь =