Бишкек мэрлигине Руслан Жакышовдун талапкерлиги каралып жатабы?

0
10

Акыркы саясий окуялардан кийин бийликти бөлүштүрүү “ооруусу” күч алды. Башаламан барып басып алуу аракеттери да ар жерде ар кандай шарттарда жүрдү. Аймактардагы бийликти ээлеп алуу, азырынча тынчыганы менен ал жакта деле татыксыз адамдардын дайындалып калышы коомчулукта айтылууда. Ушул кезде Бишкек шаарынын мэрин шайлоо актуалдуулугу жогору болууда. Шаар мэри Суракматов өз ыктыяры менен кызматынан кетип жатып, вице-мэрлик кызматка мурдагы мэр Нарман Түлеевди дайындап жатканын айткан болчу. Ал мэрдин милдетин аткаруучу катары да кала берээрин, кийин мэр болуп отуруп калаарын сезген айрым активистер, ага каршылык көрсөтүп кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Түлеев кызматынан кеткен. Бирок, мэрлик кызмат ушул күнгө чейин талашка түшүп, ал ортодо Түлеев  эгер мэрлик кызмат чечилбесе кайра келип отуруп алаарын жар салган. Ал мыйзамдуу иштеп жаткан мэрдин колу менен дайындалганын айтып, талаш ичинде дагы деле баш көтөрүп жатканы байкалат. Активистер анын келишине каршы экендиктерин билдирип ушул күндөрү да мэрия алдына келишүүдө.

Мэрлик кызматка өзүн-өзү көрсөтүп чуркагандар дагы көп. Төрөхан Жунусбеков, Аскат Осмонов сыяктуу жаш муун өкүлдөрү да өз талапкерликтерин көрсөткөн менен шаар тургундарынын ичинде, коомчулукта алардын тажрыйбалары жетишсиз экендиги айтылып жатат.

Ушул тапта шаардык кеңеш ичинде дагы өз ара сүйлөшүүлөр жүрүп, кеңештин төрага орун басары Руслан Жакышовдун талапкерлиги жактырылып жаткандыгы айтылууда. Албетте, баардыгын Жапаров баштаган жогорку жак чечээри белгилүү, ошентсе да Жакышовдун болуп калышын каалагандар бир эле шаар бийлик ичинде эмес, шаардыктардын арасында да көп экени байкалууда. Чындап эле Жакышов азыркы учурдагы абалды алып караганда баардык жагынан татыктуу болуп тургансыйт. Жаш, билимдүү, шаардык бийлик боюнча тажрыйбасы жетиштүү, эч бир партияга акыркы шайлоодо иштеген эмес. Көп адамдар шайлоо менен алек болуп жаткан кезде, ал шаар ичиндеги маселелерди чечүү, элдер менен ар кандай иштер боюнча талкууларды уюштуруп иштеп жүргөнү белгилүү болуп жатты. Учурда мэрлик кызмат деле ар кандай саясий оюндар менен жүрүп жатканы байкалууда. Өзгөч бийлик башына жаңы келген “Чоң Казат” партиясынын өкүлдөрү тараптан ар кандай бийликти ээлеп алууларды уюштуруп жатканы сезилүүдө. Жакшысы, Жакышовдун мэр болуп калганын баардык тарапка утуш жана стабилдүүлүк алып келет дегендер арбын.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

8 + 5 =