Азыр алганды эле эмес. Бергенди да билген азаматтардын бар экенин айтып коюу адилеттике жатаар. Өлкөдө кыйынчылык менен жан багып жаткан үй бүлөлөр көп эле. Экономикалык кубаттуу өлкө болбогондон кийин, социалдык жактан жардамга муктаж адамдарыбызды ар тараптуу колдоп алуу өлкөнүн мыкты атуулдарынын милдети. Эл менен эл эмессиңби. Жакында Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Руслан Жакышов Корея өлкөсүнүн “Good partner” (“Гуд Партнер”) кайрымдуулук коомдук фонду менен биргеликте “Арча-Бешик” ( 50 тонна) жана “Ак-Босого” (50 тонна) жаңы конуштарындагы социалдык жактан аз камсыз үй-бүлөлөрүнө 100 тонна көмүрдү акысыз таратып бериптир. Угуп абдан кубандык. Ал аймактагылар айтып бүтө албай жатышыптыр. Болсун, жакшы уулдарыбыз да бар болсун. Бали дейли.