Блогер Улукбек Карыбек уулун элдер эмнеге жыйындан кубалашты?

0
1298

Кечээ Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров   Биринчи май районунун жашоочулары менен жолугушкан. Мындай  жолугушуу “Көлмө” жаңы конушундагы №78 мектеп гимназиясынын жыйындар залында жана Биринчи май райондук администрациясында суроо-жооп форматында өткөн. Жыйынга жалпы 300дөн ашуун шаар тургундары катышып, өз көйгөйлөрүн айтышкан. Алардын негизги  талаптар жана чечилбей жаткан маселелери транспорт, канализация, жаны конуштагы жерлерди мыйзамдаштыруу, көчөлөрдү жарыктандуруу, жолдорду ондоо, коммдук транспорттун жүрүшү, балдар аянтчаларын тартипке келтирүү   сыяктуу маселе болгон.

Мына ушундай эл менен мэрдин болгон ачык жолугушуусуна ал конуштарга тиешеси жок, жашоочусу болбогон  блогер Улукбек Карыбек уулу пайда болуп, мэрге коррупция боюнча маселелерди айтып, аны түз эфирде дебатка чыгууга чакырган. Сабырдуулук сактаган мэр, блогердин суроосун жооп берип, андан соң мындай блогерлер көбөйүп кеткенин, ар кандай кызыкчылыктар менен кыйкырып жатканын айткан. “Кээ бир блогелер менен жекече да жолуктум, көйгөйлөрүн уктум. Тилекке каршы, алардын айрымдарында жеке кызыкчылыктар бар экен. Финансылык же кызматтык. Биз андай жеке кызыкчылыктардын иши менен иштебейбиз. Бизди шаарды ондоо, жашоочулардын турмушун жакшыртуу үчүн болгон ири долбоорлор күтүп турат. Ошолорду ишке ашырышыбыз башкы милдет”-деген анда мэр.

Мэрдин сөзүнөн кийин Көлмө конушунун жашоочулары мэрдин айтканын кубаттап, блогер Карыбек уулун залдан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Жашоочулардын бири: “Бул жерде мэр менен конуштун жашоочуларынын жеке жолугушуусу болууда. Маселелер айтылууда. Силер андай суроолоруңарды мэрияга барып жеке өзүнө айтып жолуккула. Бул жерде эл маселесин айтсын”-деп, отурган көпчүлүк Карыбек уулун чыгып кетүүсүн  талап кылышкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

3 × два =