Болот Жунусов: Болот Джунусов Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси: “50 миң кыргызстандык кара тизмеден чыгарылуусу күтүлөт”

0
913

РФсынын миграциялык кызматынын билдиргенине караганда, Россияда ушул жылдын ортосуна чейин 508 миң Кыргызстан жарандары бар экени байкалган. Ошол эле учурда мейли Кыргызстан болсун, мейли Россия болсун канча адам бар экенин так эч бир чиновник айта албайт. 

Федералдык миграциянын маалыматына таянсак, бүгүнкү күнгө чейин 77 миң Кыргызстандыктар кара тизмеде. РФнын ФМК менен жетишкен сүйлөшүүлөр боюнча 50 миң кыргызстандык кара тизмеден чыгарылуусу күтүлөт. Бул боюнча, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусов K-Newsка берген интервьюсунда айтты. Учурда, ошол 50 миң Кыргызстандыкты кара тизмеден чыгаруу пландаштырылып жатат. Мындай шарт Россияга кирүүгө үч жылга чейин жолу жабык болуп, мекенинде 1,5 жылдан кем эмес жүргөндөргө тиешелүү.  Демек, 15-июлдан тартып, ФМКнын маалымат базасында жумасына бир жолу Россияга чыга ала тургандардын тизмеси берилип, жаңыланып турат. Тагыраак айтканда, мекенинде 1,5 жылдан ашуун убакыт жүргөндөр, ФМКнын сайтына ырааттуу түрдө көз салып турганы оң. Маалымат сервисинен баракчаны ачып, фамилиясы боюнча Россияга чыгууга уруксат берилип, берилбегендиги тууралуу маалымат алаары тууралуу элчи Б. Жунусов айтып берди.

-Кара тизмеден сырткары, РФсынын эмгек жана миграция мыйзамын бузуп алган жарандардын кайра ага кирип калуу коркунучу бар эмеспи?  

 -Ооба, кара тизмеге кирип калуу ыктымалындагы потенциалдуу тобунун тобокели бар. Алар эмгек мыйзамын бузган делген Россияда жүргөндөр, андайлардын саны 190 миң. Азыр биздин милдет, булар кара тизмеге кирип калбоо үчүн алардын абалын максималдуу түрдө жеңилдетүү.  Ошондуктан, бул тууралуу Россия менен биздин келишим бар. Миграция мыйзамын бузуп алып, жашырынып жүргөндөр 10-июлдан тартып, Россиядан чыгып, анан кайра кирсе, ачык иштей алышат. Бул механизмдин мөөнөтү – 1-сентябрга чейин. Муну менен көйгөйлүү миграциялык окуялар автоматтуу түрдө жок кылынат.

-Кыргызстан жарандарын регистрациялоонун жаңы тартиби тууралуу айтып берсеңиз?

-19-июнда Санкт-Петербургда президент А.Атамбаев Россия миграция кызматынын жетекчиси Ромодановский менен болгон жолугушуусунда эки өлкөнүн жарандарынын келип-кетүүсүнүн тартиби тууралуу келишимде кол коюлган. Эми биздин жарандар 20-июлдан баштап, Россияга чыгып жатып, жашаган жеринде регистрациялык каттоого 30 күндүн ичинде турууга акысы болот. Мурда бул мөөнөт жети күн менен чектелчү. Жөнөкөйлөтүп айтканда, барып алып эки-жагын карап, жумуш таап, анан катталганга убактысы кенен болот. Биздин мигрант каттоонун жумшагыраак шарттарында болот. Бир гана шарт — чыгаарда миграция картасын туура толтуруу. Эгер жаран Россияга иштөөгө барса, миграция картасындагы графага, туризм, же окуу деп эмес, “жумуш” деп  сөзсүз түрдө так көрсөтүшү керек. Башкача айтканда, мигрант ошол 30 күн бою авиа билетин жана мөөрү менен миграция картасын өзү менен чогуу алып жүрүүсү зарыл.

 -Биздин жарандарды эмгекке орноштуруунун жаңы тартиби качан аракетке кире баштайт?

 -Жакынкы күндөрү ЕАЭС боюнча өнөктөш-өлкөлөр Кыргызстандын уюмга кирүүсү боюнча келишимине кол коюшат. Бардык кол коюлган келишимдер Евразиялык комиссияга тапшырылгандан кийин, бул болжолу июлдун аягы, эмгеке орноштуруунун жаңы тартиби иштей баштайт. Демек, бул — мигрантка патенттин кереги жок болуп, эмгек келишими менен иштей алат дегендик. Мында эң маанилүүсү – эгер адам эмгек келишимин алса, анда ал жумуш берүүчүдөн ФМКнын аймактык бөлүмүнө жиберүүсүн талап кыла алат. Ошентип ал 100%га ачыкка чыга алат.

Эл деми

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

3 × четыре =