Борончу парламентти тарап кетүүгө чакырды

0
984

Кыргызстандагы мыкты куудулдардын бири Борончу Кудайбергенов коомчулукта буга чейин сөз болуп, нааразычылыктар күчөп турган парламент иши боюнча сын пикирин айтып, аларды тарап кетүүгө чакырды. “Кыргызстан эл биримдиги” деген аталыштагы коомдук бирикмесинин мүчөсү болгон Борончу Кудайбергенов парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керек, ЖКнын курамын жаңы жаш саясий адамдар түзүүсү кажет деген ойдо.  “Эгер депутаттар өздөрүн өздөрү  таратып кетип калса аябай жакшы болмок”-дейт. Кудайбергеновдун деле айткандарына парламент депутаттарынын өздөрүнүн да күнөөсү опол тоодой. Алардын ар кандай жоруктарын айтып берүүгө убакыт деле чак келбесе керек. Укпаганды угуп, дебегенди дедирген парламенттин бүгүн коомдо кадыр баркы деле калган жок. Ошентсе да, шайлоо өткөрүүгө негиз жок деп, иштерин улантып жатканы күн санап коомдун кыжырын келтиргени деле жашыруун эмес.

“Отуз жылдан бери бир ууч эле топ парламентти менчиктеп алды. Кала берсе акыркы кездерде мураскер таштап кетүү да адатка айланып баратат. Аларды эл ишенип шайлайт, алар ак үй ичине барып биригип алышып, каалаганын кыла беришүүдө. Мен айтаар элем ошолорго, эс алууга кетип, бактылуу кырылыкты өткөрүп үйдө эле олтуруу керек чай ичип. Жаштарга жол бошоткула”-деди Кудайбергенов. Ал Кыргызстандын келечегин акыл эстүү жаштар гана көтөр алат деп эсептейт. Бали, Борончу мырза. Акыры адилеттикти айт тургандар да чыгат экен го.

«Факты кж»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четыре + семнадцать =