Бред Питт менен Ажелина Жоли ажырашуу үчүн арыз жазды

0
1227

Голливуд актеру Брэд Питт менен жубайы Анжелина Жоли ажырашат. Актер Питт бул тууралуу  Daily Mail басылмасына түшүндүрмө берди.

«Мен бул иштен өтө кайгырып турам, бирок учурда эң негизгиси балдарыбыздын бактысы. Мен журналисттерден  ушундай кыйын абалда биздин тынчыбызды албашын өтө суранат элем»,-деп билдирүү жасаган Бред Питт.

Актриса Анжелина Жоли жолдошу менен ажырашуу үчүн 19-сентябрда арыз жазган. Учурда ал соттон алты баласын тең өзүндө калтырууну суранган. Балдар атасы менен дем алыш күндөрү гана жолугуп турат деп көрсөткөн. Жоли ажырашуусунун себебин «келишимге бара албай турган пикир келишпестиктердин айынан» деп түшүндүргөн.

41 жаштагы Жоли жана 52 жаштагы Питт үч баланы багып алышкан. Калган үчөөсү өздөрүнүн балдары.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

тринадцать − 2 =