Бугудан чыккан ажайып адамдар:  СЫНЧЫ АЙМАН АКЕ

0
135

 

Бугунун Салмаке уруусунан 18-кылымда не деген ажайып адамдар чыкпаган. Алар өздөрүнүн уникалдуулугу менен башкалардан айырмаланып турушкан. Алардын ысымдары кыргыз санжыраларында айтылып өткөн менен жакшы көңүл бөлүнбөй кала берген. Себеби, оозунуп өз аталарын даңктагысы келгендер, тек аталарына гана тартмалап жазып атышып, бурмалап ийишкен. Алтынды чаң баскан менен ал касиетин эч качан жоготпогондой, асыл адамдардын аты бүгүн тарыхта изилденбей турган менен эртең жаркырап ачылар. Уникалдуу дегеним, маселен ЭШКОЖОНУН БАЛБАЙЫНДАЙ баатыр жок болсо керек, бөрүнүн сырттаны эмей эмине… (аны ким гана билбейт). Анан САЛМАКЕНИН ЧОҢ НОГОЙУН алсак, ал ошол учурда ага тең келген зор денелүү, алп адам болбоптур. Анын өгүздүн жарты терисинен бир өтүк тиктирип кийген, дайыма кош ат менен жортуулда жүргөн баатыр, билерман, касиеттүү тура. Найзага эки адамды сайып бир колу менен көтөрүп алган карылуу болуптур. «Ормон опузадагы» орустарга калдайган тебетей жөнөтчүдө, ормон аны он эки койдун терисинен тиктирбей эле, Чоң Ногойдун тебетейин суратып алдырып орустарга арабага салып жибериптир. Ошондой эле, ШАПАК УРУУСУНАН ЧЫККАН ӨМҮР БААТЫР мурутун кулагына илип койгон, сүрдүү, каардуу, өзгөчөлүгү кыйкырган үнү замбиректин үнүндөй чыгып тээ ат чабым жерге угулчу экен…

Эми биз кеп кыла турган Бугу Салмакеден чыккан инсаныбыз — АЙМАН АКЕ. Ал быягы кыргызга, тиягы казак-калмака таанымал кадыры зор адам болуптур. Жакшылып изилденбегени үчүн, балким Акелердин катарында аты аталбай калса керек, болбосо Айман акедей өзгөчө талант, кадыры ашкан, көөнү, көзү ачык адам элде болбоптур. Доорунда эле Айман аке аталып, адамдын жана малдын таамай айткан сынчысы экен. Биз ал инсан тууралу тереңдеп изилдебесек дагы, угуп-окуп жүргөндөрүбүздү эле айтсак, ага ким гана тамшанбас. Жоо менен болгон эр сайышта баатырларды «тигил жарайт, бул жарабайт» болуп сынап чыгарчу экен, асты казактын кыйындары көлдөн Айман акени алдырып жылкыларын сынатчу экен. ТҮПТҮН САРЫ-ДӨБӨ АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНУ СӨЗ БИЛГИ, КАСЕН АБДРАХМАН УУЛУ Айман аке жөнүндө бир далайга кеп салды.

АЙМАН АКЕНИН КЕНЖЕБАЙДЫН БЫШТЫСЫН СЫНАГАНЫ

Алдаярдан Чиркей Кенжебай быштысын минип алып, аны сынатмак үчүн Айман акенин үйүнө түшөт. Чиркей Кенжебай өзү да жөн эмес, оозунда сөзү, тилинде сөөлү бар киши болгон экен. Сөз арасы: Кенжебай эшегин минип алып Көтмалды тарапка бара жаткан экен. Жолдон эшек менен кой жайып жүргөн бир балага учурайт. Бала:

— Салам алейкум,- дейт.

— Алейкума салам. Бу кой кимдики, балам, — дейт.

-Кой айылдыкы, — дейт бала.

-Айыл кимдики.

Анда бала:

— Элдики деп, — тапанданат.

Анда Кенжебай:

— Ой, жашабагыр, көп жашабайсың го?

— Сен көп жашагандан, көк эшек минип тепеңдеп жүрөсүңбү?, — дейт бала.

— Ой, узабагыр, — десе.

— Сен көп узагандан узун кулак эшек минип жүрөсүңбү?-деп тилин тартпаптыр. Кенжебай обдулуп жөнөп кетиптир. Кийин Кенжебай айтчу экен:

-Ой, ошол бала үч айга жетти бекен?. Мына ошол Кенжебай Айман акенин боз үйүнө ийиле салам айтып кирет. Ичинде быштымдын сыны кантер экен деп оюу ойнойт. Анткени, Аймандын айтканы жаза кетчү эмес. Анын эмнеге келгенин туйган Айман сынчы:

— Оо, Кенжебайым, астыңдагы мингениң кандай жылкы эле?-дейт.

— Тору, — дейт.

— Энди деген казактан, эми деген кыргыздан  астына ат салдырбаган күлүк чыгат, — дептир. Кенжебай ичинен «быштымды көрбөсө» деп бир таң болот. Ошол маал карылыгы келип, көзү жакшы көрбөй калган экен. Чыккан дүбүрттү туюп, үйүндө отуруп эле сынап бериптир. Кийин ошол «Кенжебайдын арча торусу» деген мыкты күлүк болуп чыгыптыр. (кыскартылып берилди)

 

ТЕЗЕК ТӨРӨ  АЙМАН АКЕГЕ ШҮМШҮГҮЙ КҮЛҮКТҮ СЫНАТКАНЫ  

Кожомберди Султандын ашы болордо, казак, калмак дегендей бүт журттан чакырылат. Даярдык катуу көрүлөт, күлүгүн тапташып, балбанын, баатырын камдашып дегендей камданышат. Казактын аркы тарабындагы уруулар күлүктөрүнүн ичинен бирисин атайын боз үй тиктирип, ичине жан көзгө көрсөтпөй кармашат. Кароолу коюлуп, өзгөчө көңүл бурганын Тезектин жигиттери байкап, төрөсүнө жөн жайды жеткирип «тигилер бир күлүгүн боз үйдө кармап жатат» дешет. «Кулагыбыз чалган астына ат салдырбаган күлүгү ошол бейм көз тийбесин болуп, сук көздөн коргоп жатышат го» деп болжолдошот. Бирок, боз үйдүн ичиндеги байлануу күлүктү бир көрүп, сынактан өткөрүү, кыйынга турат. Кароолу жан кишини, анын үстүнө чоочундары дегеле жолотушпайт. Бир айласын табышып, сынчыга сынатмак болушат.

Кыргыз, казакка таасири күчтүү, бийлиги бийик казактын атактуу Тезек төрөсү амал издейт. Көңүлүнө дароо көлдөгү салмаке уруусунан Айман аке келет. Өзүнүн кыйын сынчыларынан артык көрүп, чакыртмак болот. Анын үстүнө ал күлүктү амалын таап көрүш дагы керек. Тезек төрө Аймандын касиеттүү, көзү ачык, акылман сынчы экенин билчү экен. Тезектин таасири кытай калмака жетип тургандыктан, кыйын сынчылардын баарысын алдыртуу ага түккө турбас эле. Бирок, бугунун Айман акесинен артыгын таба албайт. Күлүктү көрүүнүн амалын Айман өзү табаарына көзү жетет. Тезек ишенимин баарын Айманга артмак болот.

Бирок, мындай намыс талашчу олуттуу, керектүү кырдаалда, жаңылбаш, жазбаш керек.  Сайылган байгенин көптөгү эмес, намысты алдырбай калыш кызык болгон. Айтпаса да намыс менен өлүмдүн салмагы бирдей түгүл, өлүмдөн катуу эмеспи. «Жазбайлы, алдырбайлы мындайда  кыргыздан салмаке Айман акеден өткөн мыкты сынчы жок. Акылды да Айман табат, сынды Айман айтсын деп Тезек төрө өзү күткөнүн айткыла, сыйын кылып келтиргиле, кылып Көлгө бугуларга Айман акеге Тезек кишилерин жөнөтөт.

— Айнанайын Айман аке, тээтиги четтеги кароол кайтарган боз үйдүн ичинде бир күлүк багылып турат. Ошону сынап бериңиз. Биз уккан шамалдай күлүк ошолбу деп шектенип турабыз, — дешет жабылып.

— Аны мага көрсөткүлөчү, — дейт Айман аке.

— Кептин баары ошондо болуп жатпайбы? Кароолу да катуу коюлган, жанына жан киши жолотушпайт. Бир көрсөк күлүк салынганда көрбөсөк… деп алайышат.

— Амалы жок, сиз өзүңүз таппасаңыз,-деп аңырайышат.

Айман аке дароо эле, амалын таап айттат:

— Отуз-кырктай өздөй жигиттерге улак тарттыргыла, алар кызыгына баткан болушуп, күлүк байланган боз үйгө жакындап, кыйкырык, дүбүрттү катуу салып, чукул кайра тартсын. Ошондо ээликкен күлүк, боз үйдөн атып чыгат. Бир эле көрсөм болду, — деп акыл айтат.  Айман аке боз үйдөн көзүн албайт. Айтылган амал күткөндөй чыгат. Катуу дүбүрттөн дүүлүккөн күлүк атып чыгат. Аны көргөн Айман аке:

— Оо,уу! Бул тулпардын туулган жерине түнөгөн Шүмшүгүй  турбайбы! Муну ок менен атып албасаң, жебедей сызат, жеткирбейт,- дейт.

Аны уккандар эми эмне кылабыз болуп элейишет. Анда Айман аке:

— Айлаңар жок,  аркан керди, жабу жапты кылып атып, күлүгүңөрдү чыгарып алгыла, — деп туюктап айтат. Кийин тигилер көптүгүнө салып, чуру-чуу кылып жатышып, Шүмшүгүйдү эмес өздөрүнүн күлүгүн чыгарып алышат.

Нааразы болгон чапраштылар чаң салышат, биздин күлүктү көптүгүңөргө салып, тоскоолдоп жатып, өзүңөрдүкүн чыгардыңар. Кеп уккан киши болбойт. Чабышмакчы болушат. Шүмшүгүйдүн ээлеринин чынында кшйө турганындай бар эле. Чатак ырбап, басылчудай эмес, келгиле калыс шайлайлы, кыргыздан келген Айман акени калыстыка сурашат. Ошондо Айман аке айтат:

— Болор бала менен чыгар күлүккө айла жок,- деп сөздү баштаганда, нааразы тарап калыстык да тигилер тарапка жөндүү ооп баратканын сезишип, дым болушуптур.

АЙМАН АКЕНИН АЛДАЯРГА БАРГАНЫ

Айман аке Алдаярдан чыккан Мойт акеникине келип түшөт. Боз үйү жөнөкөй эле. Босогодон аттап киргенде эле Айман аке кийимине жугуп калган чаңды күүгөндөй, этек-жеңин кагып, силкинип калат. Аны көргөн Мойт аке:

— Алда Айманым, сенин туйганыңды, сенин билгениңди мен да билип отурам. Тукумум эмне болсо ошо болсун, мунун кызыгын көрөйүн деп муну багып отурам, деп Куучегир деген бүркүттү көрсөтөт. Көрсө ал бүркүттү баккан жарыбайт тура.

Көрсө Айман аке алардын абалын көрүп, анын кесепети жамандыгы жугуп калбасын дегенчелик кылып, туйганын ачык айталбай ишаарат менен билгизген тура.

КУШТУН ТИЛИН БИЛГЕН АЙМАН АКЕ

Айман Аке бир күнү эл менен тоо этектеп жайма-жай отурса, асманда кыйгуулап бир бүркүт эки барчыны менен учуп баратканын көрүп калат.

— Тээтиги бүркүттү көрдүңөрбү, — десе жалпы эл жабалактап асманды аңырайып тиктеп калышат – Бул бүркүт менин колумда жүргөн, ошондо тапка бышып көнүп калган, колдо багылып жапайы кыраандыгынан кайтып калган, баарыңар жалпылап жаңырта кыйкырсаңар, тиги бүркүт жерге түшүп калат дейт.

Уккандардын айрымдары ишенбегендей, же Айман аке дагы бир сыр айтмакчы болгонго дешкендей эс-маң турушат. Антейин десе Айман аке жазбай айтат.

Жалпы эл «кыйкулап» жер жаңырта кыйкырып калышат. Айтканындай түз учуп бараткан бүркүт жерге түшүп калат. Көрсө Айман аке асмандагы бүркүттү дагы тааныган тура…

 

(Уландысы бар)

Асылбек БЕКТЕНОВ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

три × 4 =