Бүгүнкү күндө педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча 12 миңден ашык кол топтолгон

0
586

“Бекем үй-бүлө–күчтүү мамлекет” демилге тобу педофилдерди өлүм жазасына тартууга макулдук бергендердин колун топтоо ишин улантып жатат. Эске салсак, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Бишкекте бир катар коомдук-саясий бирикмелер, жарандык активисттер, диний ишмерлер, спортчулар жана саясий кыймылдар балдарды кордогондорго өлүм жазасын киргизүү үчүн кол топтоо акциясын башташкан. Аталган иш-чаранын уюштуруучусу «Калыс» саясий кыймылынын жетекчиси Жеңиш Молдакматовдун айтуусунда, баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү тагыраак айтканда педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча, бүгүнкү күндө 12 миңден ашык кол топтолгон. Эми жарандардын колу коюлган петиция Жогорку Кеңештин депутаттарына 30-июнга чейин тапшырылып, педофилдердин келип чыгуу себептери талкууланмакчы.

Баш мыйзамга педофилдерге өлүм жазасын киргизүүнү референдумга чыгаруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынан атайын каттоодон өтүп, анын баракчасына 300 миңден ашык кол топтоо керек эле. Бирок конституцияны өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңеш алгандыктан, депутаттар каникулга чыкканга чейин 10 миң кол коюлган петицияны тапшыруу аныкталган.Жеңиш
Эгемендүү Кыргызстан өзүнө тиешелүү мыйзамдарды кабыл алат
ИИМдин маалыматы боюнча, жыл башынан бери балдарга карата 54 жыныстык зордук-зомбулук фактысы катталган. “Эгерде педофилдерге чара колдонбой, эл аралык коомчулук эмне дейт, деп күтүп отура берсек бир топ балдарды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Бул мыйзамга БӨУры гана каршы чыгып жатат” деген Жеңиш Молдакматов буларга токтолду. БӨУна тийиштүү мыйзам Жогорку кеңеште каралган учурда Европарламент, батыш мамлекеттери санкциялары киргизүү тууралуу айтып келишкен. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш менен коомчулук каралган мыйзамды бирдей колдогондуктан Европарламенттин депутаттары эгемендүү Кыргызстан өзүнө тиешелүү мыйзамдарды кабыл алат жана ортодогу социалдык-экономикалык байланыштар мурункудай эле улана берерин билдиришкен.
Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү менен маселе чечилип калбайт
«Калыс» саясий кыймылынын жетекчиси Жеңиш Молдакматовдун айтуусунда, педофилдерге өлүм жазасын киргизүү менен коюлуп жаткан маселе чечилип калбайт. Ал үчүн жалпы коомчулук Кыргызстандагы билим берүү, саламаттык сактоо, маалымат жана азык-түлүк коопсуздугун талкуулап, андагы маселелерди биргеликте чечиши керек. Маселен, билим берүү тармагында 2014-жылы Өкмөт тарабынан бир эле бала бакча салынган. Ошондуктан 2015-жылга белгиленген 118 миллиард сомдон ашык бюджеттин чыгашасын кыскартып (чиновниктердин, министрликтердин санын кыскартуу), Өкмөт калган каражатты балдарга жумшашы керек. Бүгүнкү күндө жаш өспүрүмдөрдү улуттук баалуулуктар менен тарбиялап, аларга жол көрсөтө турган бир дагы мультфильмдер, кинотасмалар тартылган эмес
Тосмо арыз зөөкүр адамдарды кайрадан эркиндикке чыгарууга шарт түзүп берүүдө
Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын коргоо жана кызыкчылыгын алдыга жылдыруу боюнча коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Тагир Осмоналиев айтуусунда акыркы мезгилде балдарга жазалган зордук-зомбулук боюнча тегерек стол өткөрүлүп, жаза кодексине жана жазык-процесстик кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу каралган. Ал үчүн Жогорку Кеңеште атайын комиссиялык топ түзүлгөн. Себеби, 28-беренеде жазылган тосмо арыз балдарды кордогон зөөкүр адамдарды кайрадан эркиндикке чыгарууга шарт түзүп берүүдө.
Педофилдерге каралып жаткан жаза чараларынын күңгөй-тескейи бар
Тагир Осмоналиев. Педофилдерди өлүм жазасына тартуу ишке ашпаган аракет болсо, аларды өмүр бою эркинен ажыратууда Өкмөттүн бюджетине терс таасирин тийгизерин унутпоо керек. Ал эми химиялык бычуу жазасы ал адам экинчи жолу сексуалдык зордук зомбулукка барбайт кепилдик бере албайт. Эл аралык практикада химиялык бычуу альтернатива катары берилип келет.
Айжаз САКИЕВА Эл деми гезити

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

20 − 20 =