Венгриядагы Дүйнө чемпионатында биздин спортчубуз коло медаль тагынды

0
434

Спорт жаатында дагы бир жакшы жаңылыкты сиздер менен бөлүшө кетели. 10-декабрда Венгрияда  старт алган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында биздин балбаныбыз Эламан Догдурбек уулу  коло медалды багындырды.

Аталган мелдеште «Рио-де-Жанейродо» болуп өткөн ХХХI-жайкы  олимпиадалык оюндардын  программасына кирбей калган 6 олимпиадалык эмес салмакта жеңүүчүлөр аныкталышты. Мелдештин жүрүшүндө 70 килограмм  салмакта күрөш килемине чыккан кыргыз балбаны

алгач эле казакстандык  Нурлан Бекжанов менен беттешип, 1:5 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды. Атаандашынын финалга чыкканы Эламандын өчүп бара жаткан үмүтүн кайрадан жандырып, коло медаль үчүн күрөшүү укугун алып  берди. Натыйжада биздин балбаныбыз коло медалга карай бет алып, чү дегенде  венгриялык Цомбор Истван Гуляшты 5: 4 эсебинде утуп чыкты. Кийинки беттешинде Молдовалык Михаил Саваны 8:2 менен оюндан чыгарды.

Ал эми эң негизги 3-орун үчүн болгон чечүүчү кармашта балбаныбыз Набуеси Такожима аттуу Япон жигити  менен беттешип, аны  11:0 эсебинде килемге чөгөлөттү. Жыйынтыгында коло медаль Эламан Догдурбек уулунун энчисине жазылды.

Эл деми

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

два × пять =