Владимир Жириновский каза болду

0
22

Орус саясаты оор жоготууга учурады. 75 жаш курагында Россиянын ЛДПР лидери Владимир Жириновский каза болду. Мындай маалыматты кечээ Мамалекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирди.
Владимир Жириновский 30 жылдан бери орус саясатында өзүнүн туруктуу орду, кайтпас позициясы менен оппозициянын алдыңкы катарында болуп келген. Өзгөчө ал батыш саясатына каршы турган.
Буга чейин айрым маалымат булактары анын каза болгондугун жазып чыгышкан. Бирок, мамдума төрагасы Володин андай маалымат чындыкка дал келбестигин айтып чыккан. ЛДПР партиясы болсо жалган маалымат тараткандыгы үчүн ММК менен соттошоорун билдиришкен болчу. Бул учурда Жириновский коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканада оор абалда дарыланып жатканы маалым болгон. Тилекке каршы, вирус илдети акыры аны алып тынды. Анын сөөгү бүгүн жерге берилет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

15 + 20 =