Германия Кыргызстанга 42 миллион евро грант бөлөт

0
5

Германия өкмөтү Кыргызстанга техникалык жана финансылык кызматташтыктын алкагында 41,8 миллион евро гранттык каражат бөлөт. Каражаттар бир катар долбоорлорго багытталат. Келишим май айында ратификацияланып, июнь айында парламент тарабынан бекитилген. Ал акчалар кайда жумшалаары айкын болду.  Жогорудагы суммадан 21,8 миллион евро төмөнкүдөй техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет:

«Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү»-4 млн,  «Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» — 6 млн, «Кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» – 5 млн, «Биологиялык ар түрдүүлүк жана жаңгак токойлору менен жайыттарды муниципалдык колдонуу жолу менен жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу» —   2,9 млн, «Изилдөөлөр жана адистер фондун түзүү» — 2,5 млн,

«Кыргыз Республикасында сапат үчүн мааниси бар кызматтарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү» — 1,4 млн, «Нарк жаратуу тизмеги» финансылык секторунун программасы»-  9 млн, «Нарк жаратуу тизмеги» финансылык секторунун программасы — коштоочу чаралар» -1 млн, «Саламаттык сактоо боюнча сектордук долбоор» — 10 млн.

Факты.кж

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

один × 5 =