Гитлерге жок дегенде Нобел сыйлыгын бериш керек болчу…”

0
832

Тынчтыкта жашоону адам эч качан делебени козгоочу,  күчтүү таасир берүүчү убак катары санаган эмес. Адамзат өнүгүүнүн азыркы абалында тынч жашоодон көрө, согуш маалында  адамд активдүү да,  жандуу болот. Анткени биз билген, же биз канааттанбаган жашоо- бул чыныгы дүйнө эмес.

Адамдар бук болуп кетпеш үчүн баарына даяр.

Бул адам – сенсиң. Адамдар бук болуп кетпеш үчүн баарына даяр. Качан дүйнө мемиреп тынчтыкта тажатма, зериктирме, көңүлсүз болуп турганда, силерди куткаруучуңардын ролун ойногон, мисалы Адольф Гитлер сыяктуу кандайдыр бир саясатчы келет. Азыр планетада миллиондогон адамдар кезектеги Гитлерди күтүп жатышат, анткени жашоо зериктирме болуп кетти. Себеби, Гитлер 1940-45-жылдары беш жылды адамдардын делебесин козгоп турду. Тарыхта мынчалык көп убакытка чейин дүйнөнү дүңгүрөткөн эч ким болгон эмес. Беш жыл бою дүйнөнү силкинтип, адамдарды жаңдантып, алардын активдүүлүгүн артырып, миллиондогон жүрөктөрдү калтырата соктуруп, турганы үчүн Гитлерге жок дегенде Нобель сыйлыгын бериш керек болчу. Азыр дүйнө анын кайра келишин күтүүдө.

Согуш маалында адам жандуу болот

Психологдор тынчтык күндөрүнө караганда, согуш маалында адамдар бактылуу болушарын табышкан. Согуш учурунда жашоо кызыктуу болсо, тынчтык мезгилде зериктирме болот. Согуш учурунда адамдар эрте туруп, биринчи кезекте кунт коюп радио угуп, жанталаша газета окушат. Алардын баарынын деми көтөрүлгөн, сенсация күтүшөт. Согуш алыс жакта болуп жатса да, ага көңүл кош эмес. Алтымышынчы жылдары башталчу согуш болбой калып, адам бугун чыгара албай калган.

Бук болгон ар кимден «аңчы» ойгонот

Үчүнчү дүйнөлүк согуш болбой калгандыктан, терроризм кеңири кулач жая баштайт. Мээси жок саясатчыларда башка альтернатива жок. Терроризм мурунку социалдык деңгээлдеги болгон нерсени индивидуалдуу болгонун билдирет. Террор өсө берет. Бул процессти токтотуу үчүн адамдын аң-сезиминин негизин өзгөртүү керек, бул космикалык тапшырма. Ал эми силер өзгөрткүңөр келген адамдар силер менен согушат, алар жөн эле силерге моюн сунуп беришпейт.  Ошентип, адамдын базалык негизин өзгөртмөйүн терроризм өсө берет. Бир сөз менен айтканда адам бугун, демин чыгарып алыш керек. Болбосо, бук болгон ар кимден «чалгынчы, аңчы» ойгонот. Дүйнөдө баары бири-бири менен байланыш. Өзгөрүү этап-этап менен жүрүшү керек. Адегенде, адам майрамды сезүүнү үйрөнүшү керек. А бул сезимди уулантып, өлтүрүп жок кылышкан. Чыныгы кылмышкерлер кармалган эмес. Террористтер жана башка кылмышкерлер – болгону чыныгы кылмышкерлердин курмандыктары…

Биз өзүбүз диктаторлорду жаратабыз

Адольф Гитлер, Иосиф Сталин ж.б. адамдар өздөрүнүн жөндөмдүүлүгү менен ушунчалык жогору көтөрүлүшкөн. Алар жогорку орундарды ээлешкен, анткени миллиондогон адамдар эмне кылыш керектигин, эмне айтыш керектигин каалап аларга моюн сунуп турушкан. Эгер адамдарга эмне кылыш керектигин айтып, башкарып турбаса алар өздөрүн жоготушат. Биз өзүбүз диктаторлорду жаратабыз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

семнадцать + три =