Гулзаир Сагынова, ырчы: “Ырды сезимим тандайт”

0
1298

Өзү жаш болсо да көптөгөн ийгиликтерге жетип, ырчылардан коңур үндүүлүгү, ырларды тандай билүүсү, комузда кол ойноткондугу менен айырмаланган токтоо мүнөз ырчы ГУЛЗАИР САГЫНОВА менен болгон маек.

Ырчылык бул, табияттан берилген талантпы же тукум кууйбу?

— Экөөнө тең кошулам. Эгер экөө тең болсо анда чоң бир касиет деп ойлойм. Бирок чыгармачыл адам болуш эмгекке да көз каранды. Талантты жерде калтырбаш үчүн ар дайым эмгектенүүнүн үстүндө жүрүш керек.

Сиз ырдын эмнесине көбүрөөк көңүл бөлөсүз? Сөзүнөбү же обонунабы?

— Сөзү обонуна дал келген ырларга көп көңүл бурам. Негизгиси ыр жүрөгүмө жагыш керек. Анткени мага ыр жаккан болсо ал сезимимден кетпей көпкө ырдап жүрө берем. Кадимкидей ооруйм десем дагы болот. Ошондуктан ырды сезимдерим тандайт десем дагы жаңылышпайм.

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал адамдардан сабак алганыңызды билебиз. Устатым деп кимисин эсептейсиз?

— Бактыма жараша улуу устаттардан сабак алдым. Ал үчүн ар дайым сыймыктанам жана өтө чоң жоопкерчиликти сезем. Устаттарымдын бири улуу комузчу Зайнидин Иманалиев, белгилүү ырчы Кенже Кубатова, аспапчылык боюнча Нурланбек Нышанов, Кутманалы Султанбеков, Самат Көчөрбаев болгон. Ал эми азыркы тапта Токтобек Асаналиевден билим алып жатам. Мен үчүн баардыгы устат. Ийгиликтеримдин эшигин ачып бергендер ушул адамдар деп билем.

Сизди да жаш муундарга устатчылык кылып жүрөт деп эшиткенибиз бар эле?

— Ооба мектепте комуз ийриминен балдарга сабак берем. Устаттарым мага эмнени үйрөткөн болсо ошону жеткиликтүү кылып үйрөтө алсам пайдалуу иш кылган болот элем. Жана да милдетим аткарылса керек деп ойлойм.

Перс философу Ибн Сина “Бакытын барктай албагандан өткөн бактысыз жан жок” деген экен. Сиз үчүн бакыт деген эмне?

— Бакыт бул-адамдын жан дүйнөсүнүн токтугунда болсо керек. Мен үчүн бакыт жан дүйнөмдүн тынчтыгы. Ал үчүн ата-энемдин жылмаюусу,ден соолугумдун бекемдиги, максатымдын тактыгы. Калганын өз күчүң менен кылып алсаң болот. Ал эми адам бактылуу болуш үчүн жаман ойлордон, жаман иштерден алыс болуп адамдарга жакшы мамиле кылуу менен бакытка жетээри талашсыз.

Китеп менен доссузбу?

— Албетте, китеп окуганду кичинекей кезимен бери жакшы көрөм. 1-класста окуп жүргөндө 5-класста окуган байкемдин адабият китебин окуп чыкканым эсимде. Бирок азыр убактымдын аздыгына байланыштуу көп окуй элекмин.Бош убактым болсо эле китеп окуп өткөрөм.

— Маегиңизге рахмат!

Рыскүл ИЗАТОВА

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четыре + семь =