Дайжест: Йемен, Brexit. Кыргызстан менен Тажикстан Кытайга карызын кайтарып беришеби?

0
181

Урматтуу өнөктөштөр! Силерге «Басма сөзгө баяндама» аттуу жаңы рубриканы сунуштайбыз. Бул жерде дүйнөлүк басылмалардын башкы макалалары менен тааныша аласыңар. Мындай формат силерди кызыктырабы? Эгер жакса, силер үчүн анын жумасына канча жолу чыгып турганы ылайыктуу?

Президент кокустан өлтүрүлдүбү?

Хусит козголоңчулары тарабынан Йемендин мурдагы лидери Али Абдулла Салехтин өлтүрүлүшү менен өлкөдөгү жаңжал жаңы баскычка өткөнүн Тhe Wall Street Journal жазды. Басылманын белгилешинче, экс-президенттин өлүмү жана антисаудиялык биримдиктин кыйрашы Иран менен Сауд Арабиянын Йемендеги бийлик үчүн күрөшүн күчөттү.

The Guardian талдоочулары Али Абдулла Салехтин өлүмүнөн кийин Йемендеги жарандык согуш курч мүнөзгө оогонун белгилөөдө. Басылма жакынкы убактарда өлкөдөгү абал туруксуздашарын жазды. Йеменди 30 жылдан ашык башкарган экс-президент өткөн жумада хуситтер менен урушуп, Сауд Арабия менен элдешүүгө аракет кылгандыгы үчүн жазаланды. Бул «уруш» Сананын көчөлөрүндөгү танктардын катышуусундагы согушка айланган. Sky News Arabia телеканалынын маалыматы боюнча анын жыйынтыгында кеминде 245 киши мерт болгон.

Ал ортодо армиянын козголоңчуларга лоялдуу өкүлдөрү Салех кокустан өлтүрүлгөн деп эсептешүүдө. Айтымдарында, Салех менен анын коштоочулары Санханга барышканда, коопсуздук күчтөрү аны колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Бирок ортодо атышуу болуп, экс-президент каза болгон.

Ар кимдин өз брекзити

Брекзит боюнча макулдашууга келе албаган Улуу Британия менен Европа биримдиги 14-15-декабрда өтчү ЕБ саммитине чейин сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү аяктоого үмүттөнүп жатышат, деп жазды La Republica басылмасы. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Европа комиссиясынын башчысы Жан-Клод Юнкер Лондон менен Брюсселдин ортосунда пикир келишпестиктерди жараткан «бир канча көйгөй» бар экенин моюнга алышты. Басылма акыркы эки айдын ичинде тараптар ортосундагы эң оор тема Ирландия чек арасы болгонун жазууда. Дүйшөмбүдө Британия өкмөтү Евробиримдиктен чыккандан кийин Ирландиянын жана Британия курамына кирген Түндүк Ирландиянын көз карандысыздыгын нормативдик жактан шайкештөөгө макул болуп, Евробиримдик менен Ирландиянын басымына баш ийип берди, деп белгиледи The Guardian.

The Daily Telegraph британ басылмасы «Улуу Британия менен Европа биримдиги Брекзиттен кийин Түндүк Ирландия менен Ирландиянын ортосунда катаал чек ара болбогудай макулдашууга келишти», деп жазды. Ирландиянын ТИМ башчысы жана вице-премьери Саймон Ковени RTEтелеканалына берген маегинде Брюсселде чек ара жок болот деген макулдашуу болгонун билдирди. Айтымында, Ирландиянын эки бөлүгү тең бирдиктүү бажы жана соода эрежелерине баш ийишет. Бирок бул макулдашууга Түндүк Ирландиянын Демократиялык юниондук партиясы каршы болууда. Анын өкүлдөрү Брекзит ишке ашкандан кийин Улуу Британиянын түрдүү субъектилери үчүн ар башкача шарттар болбошу керек деп эсептеп жаткандыктарын La Republicaбасылмасы жазды.

Кыргыздар менен тажиктердин Кытайга болгон карыздары

The Diplomat Борбор Азиядагы кедей өлкөлөр – Кыргызстан менен Тажикстан Кытайга болгон карыздарын төлөөгө кудуретсиз деген пикирлерди четке какты. Басылма ушул күнгө чейин эки мамлекет тең карыз маселелерин жакшы эле башкарып жатканын сандар менен мисал келтирген. Тышкы мамлекеттик карыздын ичинен Кытайга карата Кыргызстандыкы 41, Тажикстандыкы 53 пайызды түзөт. Экономикалык өнүгүү темпи карызды жабууга кудуреттүү деп эсептейт басылма.

Бирок Кытай насыялары АКШ доллары менен берилип жаткандыктан, валюта курстарынын термелүүсүн башкарууда Кыргызстан менен Тажикстандын валюталык резервдери жетишпей калышы мүмкүн. Басылма эки өлкөдө тең экспорттун тартыштыгы башка чет өлкөлүк валюта булагынан кол жуудуруп жатканын белгилеп, карыз алууда жогору тобокелчилик бар экенин эскерткен.

Ооганстандагы башка АКШ жана Орусия

Америкалык генералдар жана дипломаттар Орусия менен аскердик кызматташууну эске алып, Ооганстанга карата стратегиялык курсту өзгөртүү маселелерин иликтеп жатышат, деп билдирди, The Washington Times.

Кошмо Штаттар Орусиянын Ооганстандагы героинди өндүрүүгө каршы чараларды күчөтүү талабын канааттандырууга даяр. Ооганстандагы америкалык контингенттин командачысы, генерал Жон Николсондун айтымында, маңзаттын айынан жыл сайын он миңдеген орусиялык жаран өлүмгө учуроодо. Акыркы күндөрү мамлекеттик катчы Тиллерсон менен Жон Николсон бир нече жолу Вашингтон менен Москванын ооган жаңжалын жөнгө салууга кызыктар экенин билдиришкен.

Басылма билдиргендей, дүйнөнүн бир аймагында тирешкен эки өлкө кайсы бир маселелерде кызматташууну жакташууда, деп эсептейт Орусиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

7 + 12 =