Депутат: Жөлөк пул 3 айга кечигет

0
116
Жөлөк пул боюнча мыйзам 2018-жылдын 1-январынан баштап ишке кириши керек болчу. Бирок эмнегедир кечигип жатат.
Ал эми карапайым эл эмне себептен берилбей жатканынан так кабары жок болууда. Бул маселени билүү үчүн «Экономика» гезити демилгечилердин бири КСДП фракциясынан ЖК депутаты Аида Касымалиевага байланыштык.

– Аида айым, жөлөк пул боюнча жаңы мыйзамдын демилгечиси катары пикириңди билгибиз келип турат. Азыр бул мыйзам ишке аштыбы же үч айга узартылдыбы? Айтор, карапайым эл жөлөк пул тууралуу мыйзам ишке аштыбы, ашпай калдыбы – баштары айланып, маалымат жетишсиз болуп турат?

– Жөлөк пул тууралуу мыйзам 1-январдан тарта ишке кириши керек эле. Президент тарабынан кол коюлган, парламент тарабынан жактырылган, бирок өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өкмөт үч айга узартты. Себеп дегенде, Нарында митинг болуп, айрым үй-бүлөлөр жаңы мыйзам боюнча, мисалы, үч жаштан жогору курактагы балдары бар, бирок жакыр үй-бүлөлөр жөлөк пул ала албай каларын айтып чыгышты. Ошондуктан “мыйзамды дагы бир ирээт карап чыгалы” деп үч айга узартышты. Мен буга каршы чыктым. Себеби, бизде башында ушул мыйзам талкууланып жатканда социалдык өнүктүрүү министрлиги так эсептөөлөрдү берүүлөрү керек эле. Нарындагы митингчилердин талабын эсептеп көрсөк, 143 млн. сом чыкты. Каржы министрлиги “аларды төлөп бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар” деп жооп берди. Бирок ошого карабастан бул сунушту өкмөт парламентке алып келди. Парламент аны көпчүлүк добуш менен колдоп берди. Негизи ЖК депутаттары Карамат Орозова, Айнура Осмонова, Айнуру Алтыбаева ж.б демилгечилер биригип, биз жакшы эле мыйзамды демилгелегенбиз деп ойлойм. Себеби дегенде азыркы иштеп жаткан мыйзам абдан коррупцияланышып кеткен. Чыныгы жакыр үй-бүлөлөр албай калган. Справка топтоп ошол жердеги жергиликтүү бийлик органдары, социалдык өнүктүрүү министрлигинин корупциялашкан бөлүмдөрү акча жасап, чыныгы жакыр үй-бүлөлөргө ал акча тийбей калган.

– Бирок, жаңы мыйзам боюнча ар бир төрөлгөн ымыркайга 2018-жылдын 1-январынан тарта сүйүнчү төлөнө баштаган экен…

– Бала төрөлгөндө эле энени колдоо иретинде балага сүйүнчү берилет. Андан тышкары бала үч жашка чейин абдан жакшы камсыздалышы керек. Адамдын үч жашына чейинки абалы өтө маанилүү. Үч жашка чейин ай сайын 700 сомдон деп киргизгенбиз. Андан кийин үч жаштан он алты жашка чейин үч баладан кийинкилерине төлөнөт деп чечкенбиз. Эсептеп көрсөк, негизи жакырчылык үч баладан кийин башталаары белгилүү болду. Ошондой эсептөөлөр менен өтө көп акча талап кылбаган, бюджет көтөрө ала турган мыйзам долбоорун сунуштаганбыз. Себеби бизде эне-бала үй-бүлө институту корголушу керек. Ушуга чейинки биз айтып жаткан коррупциялык мыйзам дегенибиз абдан акыйкатсыздыкка алып келген. Мисалы, бир үй-бүлөнүн кирешеси миң сомдон ашпаш керек деген талап киргизилген дагы, ага пенсионерлердин пенсиясы, мугалимдердин, дарыгерлердин жарыбаган айлыгы дагы кирип калат. Анан жер үлүшүн эсептешет, справка топтомой, ушундай болуп калган. Биз ошолорду жоёлу деп киргизгенбиз. Тилекке каршы, азырынча мыйзамыбыз ишке ашкан жок, бирок сүйүнчүсү калды. Тоолуу аймактарда 7 миң сомго чейин сүйүнчү ала башташты. Ал кандай үй- бүлөдө төрөлбөсүн, ошол сүйүнчү акчасы берилет. Муну алуунун оңой жолу ойлонуштурулуп, көп документ да талап кылынбайт. Эми үч айдын ичинде биздин жумушчу топ өкмөт менен биргеликте мыйзамдын кайсы бир жерлерин оңдоп чыгышыбыз керек. Бирок мен жаңы мыйзамдын демилгечиси катары эски мыйзам, эски схема иштей беришине караманча каршымын.

– Нарын облусунун тургундарынын жаңы мыйзамга каршылыгы кандай пикир жаратты?

– Нарын облусунун тургундары боюнча алар койгон талаптын ичинде бир эле жеринде жөлөк пул мыйзамына тиешелүү жери бар. Ал “биз үч жаштан жогору, эки балалуу жалгыз бой энелербиз, биз кантебиз?” деген маселе. Биз андай балдарды эсептеп чыксак, отуз миң бала бар экен. Алардын акчасын эсептегенде, мен башында белгилегендей эле биздин бюджетте акча бар болчу. Бирок эмнегедир башка сунуш өтүп кетти. Нарындагы ушундай пикир менен чыккан жердештерибизди мен колдойм. Калган себептери болсо электр энергиясына болгон кымбат тарифтер, социалдык башка көйгөйлөр болуп чыкты.
Биздин экономикалык абалыбыз боюнча каржы министрлиги макулдугун билдирген. Жөлөк пулдун чыгымын эсептеп чыкканда 1 млрд. 800 деп эсептегенбиз. Ушул мыйзам ишке кирсе, биз жакырчылыктан 4%га арылабыз деген эсептөөлөр бар болчу. Биз үчүн сүйүнчүнүн кирип калышы да чоң жеңиш. Себеби, бала жаңы төрөлгөндө эле мамлекет тарабынан камсыздоо алуу абдан жакшы. Көп энелер бул камсыздоого өтө муктаж. “Жөлөк пул боюнча мыйзам эмне болду, жүзөгө аштыбы?” деп өтө көп кайрылуулар болууда. Мен өз жообумду узатып жатам. Биз жаңы төрөлгөн балдарды – келечек муунду колдошубуз керек. Башка мамлекеттерде, мисалы, Финляндияда белек берилет. Балага керектүү памперс, тамак-аш ж.б. берилет. Биз сүйүнчүнү акчалай деп чечтик.
Булак: Экономика

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

три × 2 =