Редакциябызга алыскы Ат-Башы районунун мурунку Пограничник, азыркы Казыбек айылынын тургуну 71 жаштагы аксакал Абылов Аскарбек атабыз баш бакты. Атабыздын алыстан ат арытып, жол карытып келгенинин себеби кадимки “уялчаак” депутат, Шерниязовдорго тийише коем деп “даңгыт” атка конгон, “Беш-Сарынын” кожоюну Камчыбек Жолдошбаевден аласасын көп жылдан бери алалбай жүргөн экен. Окуяны башынан айта турган болсок, Жолдошбаев саясатка аяк таштап, 1992-жылы депутаттыкка аттанып, айыл аралап, ошол кездеги Пограничник айылындагы “Дүйшөмбү” өндүрүштүк бирикмесинин төрагасы Абылов Аскарбектен 150 000 рубль жана 2 бээ же 1 тоона эт алып, ошол боюнча куйругун карматпай жүрүптүр.
Абылов Аскарбек “Дүйшөмбү” өндүрүштүк бирикмесинин төрагасы:
-Жолдошбаевдин чоң атасы Сары менен менин чоң атам дос экен. Мен чоң атамды көрбөй калдым, бул каяктан көрмөк эле. 1992-жылы бул депутатка ат салышып, Камчыбек Жолдошбаев айылга келип калат. “Аке сизге май керек да, мага акча керек, кооперативдин эсебинен акча которуп бербейсизби, келишим түзөлү сиз мага акча бересиз, мен сизге май берем”-деди. Мен ага ишенип 150 миң рубль ошол кездеги иниси Сариев Төлөнбек жетекчилик кылган “Беш-Сары” кичи ишканасына которуп бердим. “Мындан ары да мамиле кылып туралы, чоң аталарыбыз дос болсо” деп калды, болуптур дедим. Анан көп өтпөй эле “Аке мага эки бээ бериңиз, акчасын берем”-деди. 150 миң рубль менен эки бээге 1992-жылы 1-сентябрда келишим түзүп койдук. 2-сентябрда уулум барып 118125 рублга май алып келди. Калган акча менен бээлердин акчасы жок. Кырсык басып ноябрь айында “Беш-Сары” кичи ишканасынын атынан келишимге кол койгон, Камчыбектин бир тууган иниси Төлөнбек жол кырсыгынан каза болуп калат. Ошондон кийин жолугуп Камчыбек баягы акчаны бербейсиңби десем “Ой аке берем да, кайда качмак элем” деп коюп жок. Кийинки 1993-жылы жазында атайын Бишкеке келип жолуксам баягы эле сөз “Ой аке берем, кантип бербей коймок элем” деп жолго салды. Анын сөзүнө ишенип кайра айылга кеттим.
-Андан кийин келип сураган жоксузбу?
— Келдим. Ошол эле жылы күзүндө келсем, баягы эле сөз “аке азыр бухгалтерим жок болуп жатат, тигиндей мындай”- деди. Бухгалтери агасы болчу. “Агам айылга кетиптир, келсе эле берем” деп тил эмизет. Ат-Башыдан күнүгө келе албайм да. Ошону менен 1994-жылы келдим. Келсем баягы эле дежурный сөздөр “аке берем, аласаларым бар эле алалбай жатам, кичине күтө туруңуз”. Ошону менен 95-жыл болду, 96-жыл болду жок. Бейшеналиева көчөсүндө, Ош базарынын жогору жагында жайгашкан офисине 4-5 жолу бардым, түк куйругун карматпайт. ушул болбогон акчаны бербей качып жүрөт. Эки бээмдин акчасын эле берип койсо болот эле. Өзүм экинчи топтогу майыпмын. Андан бери 20 жылдан ашты. Баарынан кызыгы былтыр келсем “аке болбодубу, өтүп кетпедиби баары” –деп жанды кашайтып жатпайбы. Ээ кудая тобо алганга келгенде байкуш да, бергенге келгенде болду да деп кержеңдейт. “Койчу аке, болбодубу” –деп колун шилтеп басып кетсе болобу.
— Кийинки кадамдарыңыз кандай болду?
— Быйыл атайын келип анын телефон номерин таап чалсам, баягы эле дүжүр сөзу “аке болбодубу, өтүп кетпедиби, менин сизге бересем жок” өчүрүп салды. Андан кийин чалсам такыр албайт. 21 жолу чалдым. Аргам түгөнүп 5-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Жумабековго келишимдин, акча которгон накладнойдун, эки бээни алган ишеним каттын көчүрмөсүн тиркеп кат менен кайрылдым. Ошону менен жооп жок. Камчыбек эле алдамчы жалганчы го десем, депутаттардын төрагасы деле ошондой турбайбы деп өзүм 20 күндөн кийин чалдым. Чалсам бир комитетке жөнөткөнбүз дейт. Айланайын мени Жумабековдун өзүнө жолуктурчу десем жок, сессияда, жыйналышта тигиндей мындай деп миң шылтоонун бирин айтат.
Бакыйган эл өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Жолдошбаевдин жоругу жолдо калсын. Бардык документ колумда туруп аласамды алалбай жатам, башкалар кантет? Ушундайлар жер кантип көтөрүп жүрөт? Бет деген жок экен.
«Факты кж»